Кыргызстанда октябрь айынан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүктөр бериле баштайт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Учкун” ачык акционердик коомунун иши менен таанышкандан кийин билдирди. Ал жаңы документтер күчөтүлгөн коргоо деңгээли менен заманбап технологиялар аркылуу даярдаларын Фейсбук баракчасына жазды:
“Коргоо системасы көбүрөөк болду. Мурдагы күбөлүктөрдө коргоо каралган эмес. Аны жасоо дагы мүмкүн эмес, чиптер коюлган. Мурда кагаз болсо азыр карта системасында”.
Туманбаев “Унаа” мекемеси Президенттин иш башкармалыгына өткөнүн, мындан ары автомашиналарды сатып алуу, сатуу дагы жеңилдей турганын кошумчалады.
Кыргызстан өзүнүн жалпы жарандык паспортторун жана ID карталарын буга чейин башка мамлекеттердин ишканаларында чыгартып келген. 2023-жылдан тартып документтер “Учкун” басмаканасында басылып чыгарыла баштаган.
"Учкун" мамлекеттик басмаканасы мурдараак башка мекемелер менен чогуу Президенттин иш башкармалыгына өткөн. (КЕ)