Милиция Бишкекте окуучулар катышкан жапырт мушташты териштирип жатат

Сүрөт интернетке тараган видеодон алынды. 2025, 19-сентябрь

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясынын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы окуучулар арасында катталган жапырт мушташ боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта териштирүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилип, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү белгиленген.

Социалдык тармактарга бир топ балдар катышкан мушташтын видеосу жарыяланды. Окуя 19-сентябрда Тоголок Молдо көчөсүндө болгону кабарланууда. Мушташтын себеби жана андан жабыркагандар бар-жогу азырынча айтыла элек. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар шаардагы коллеждердин биринде окугандар. (КЕ)

Дагы караңыз

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден аштыКыргызстанда курулуш тармагында өсүш 42% түздүБУУнун атайын баяндамачысы Карасартованын шарттуу соттолгонуна тынчсыздануу билдирдиЭстония орусиялык истребителдер өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын билдирди