Чехия: НАТО өз мейкиндигин бузганы үчүн Орусияга татыктуу жооп кайтарышы керек

Петр Павел

Чехиянын президенти Петр Павел Орусия НАТОго мүчө өлкөлөрдүн мейкиндигин бузганы Европадагы чыңалууну күчөтөрүн билдирди. Анын сөзүнө караганда, Түндүк Атлантика альянсына мүчө өлкөлөр Москванын "аскердик жол менен жасалган" аракетине татыктуу баа берүүгө милдеттүү.

Чех телеканалынын эфиринде кырдаалды комментарийлеп жатып, президент аба чек арасын бузуу - Орусия тараптан жоопкерчиликсиз кадам болгонун, коргонуу максатында мындай учактар жок кылынышы ыктымалдыгын баса белгиледи.

"Андайды биз тараптан да, Орусия тараптан да эч ким каалабаса керек эле. Москва өзүн биз кандай мүмкүнчүлүк бергенибизге жараша алып жүрөт", - деди Павел.

НАТО менен Москванын ортосундагы чыңалуу сентябрда күч алды. 10-сентябрда Польшанын аба мейкиндигине Орусиянын 20 чакты дрону кирип келип, ага каршы Варшава аскердик учактарын көтөргөн.

19-сентябрда Эстония аба чек арасын Орусиянын үч аскердик учагы Фин булуңу тараптан бузуп киргенин билдирген.

Эстониянын премьер-министри Кристьен Михал билдиргендей, Таллин Орусиянын МиГ-31 учактары аба мейкиндигин бузган соң, Түндүк Атлантикалык альянстын 4-беренеси боюнча кеңешүүнү демилгелөөдө. Михал Москванын бул кадамын атайын жасалган деп сыпаттады.
Эстон бийлиги учактар учуу планысыз, транспондери өчүрүлүп, жердеги диспетчерлер менен байланышсыз учуп келишкенин алардын Эстониянын чек арасын кокустан бузуп киргенин жокко чыгарарын тактады.

Москва айыптоолорду четке кагып, үч МиГ-31 учактары Орусиянын түндүк-батышынан Калининградды көздөй, Балтика деңизинин үстүнөн өткөнүн билдирди.

Дагы караңыз

"Орусиянын өзүндө мунай тартыш болууда". Кыргызстанда бензиндин кымбаттоо себептери "Кокустук эмес, кооптуу чагым". НАТОнун аймагына кирген орус учактары Украинада Днепропетровск, Орусияда Самара аймактары чабуулга кабылдыОрусия мигранттарды патент системасынан вахта ыкмасына өткөрүүнү караштырууда