Бишкекте ак илбирсти коргоого арналган марафон өтүп жатат

Ак илбирс. Иллюстрациялык сүрөт.

21-сентябрда Бишкекте кезектеги Snow Leopard Run эл аралык марафону өтүп жатат. Ак илбирсти коргоого арналган бул иш-чара быйыл бешинчи жолу уюштурулууда.

Кайрымдуулук марафонуна байланыштуу бүгүн борбор калаадагы Чүй, Абдрахманов, Иманалиев, Айтматов жана Масалиев көчөлөрү жол кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

Марафондун катышуучуларынан түшкөн мүчөлүк төлөмдөрдүн бир бөлүгү ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоого жумшалат.

2024-жылы кайрымдуулук марафонуна беш миңдей адам катышканы кабарланган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аска-тоолорду мекендеген 330дай ак илбирс бар. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. (ZKo)

Дагы караңыз

Чехия: НАТО өз мейкиндигин бузганы үчүн Орусияга татыктуу жооп кайтарышы керек"Орусиянын өзүндө мунай тартыш болууда". Кыргызстанда бензиндин кымбаттоо себептери "Кокустук эмес, кооптуу чагым". НАТОнун аймагына кирген орус учактары Орусия мигранттарды патент системасынан вахта ыкмасына өткөрүүнү караштырууда