Президент Садыр Жапаров 22-25-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн иш сапары менен АКШнын Нью-Йорк шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекет башчы Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт. Уюмдун Коопсуздук кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарага катышат.
Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрөт.
Садыр Жапаров 2023-жылы 18-сентябрда Башкы Ассамблеянын 78-сессиясында сөз сүйлөп, мөңгүлөрдү сактоо маселесин көтөргөн.
2024-жылы климаттын өзгөрүшү, коопсуздук, чыр-чатактарды чечүү, өзөктүк куралдан арылуу маселелери каралып, Жапаров Кыргызстан "жашыл экономикага" өтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин билдирген. (КЕ)