Чет жактан Кыргызстанга акча которуу көбөйдү

Кыргызстандын валютасы - сом жана АКШнын валютасы - доллар. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын январь-июль айларында чет өлкөдөгү жеке адамдар Кыргызстанга 1 млрд 980 млн доллар акча которду. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтында жазылган.

Сегиз-тогуз айдын эсеби чыга элек. Которулган сумманын басымдуу бөлүгү – 1 млрд 844 млн доллары Орусиядан келген. АКШдан 48 млн доллар, Казакстандан 13,5 млн доллар, Түркиядан 7 млн доллар, Түштүк Кореядан 1,2 млн доллар которулган. Калганы башка өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн акча.

Быйылкы жети айдагы сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көп. 2024-жылдын жети айында 1 млрд 671 млн доллар келген эле.

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн акча которуу дүйнөдөгү геосаясий окуяларга жана экономикалык маселелерге байланыштуу бир төмөндөп, бир көбөйүп турат. Жеке адамдар Кыргызстанга 2020-жылы 2 млрд 377 млн доллар, 2021-жылы 2 млрд 756 млн доллар, 2022-жылы 3 млрд 86 млн доллар, 2023-жылы 2 млрд 706 млн доллар, 2024-жылы 2 млрд 989 млн доллар жөнөтүшкөн.

2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. (ErN)

Дагы караңыз

Депутаттар мектептерге гимназия, лицей макамын кайтарууну сунуштоодоСтубб: Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөргө каалоосу жок Украинада Орусиянын соккусунан кеминде үч жайкын тургун каза болдуКүрөш: Кыргызстан дүйнө чемпионатынан алтынсыз кайтты