"Талапкерлер кыргыз тилин сөзсүз билиши керек". Шайлоо мыйзамы өзгөрдү, шарт-эреже көбөйдү

Бишкектеги шайлоолордун бири. 2024-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдыдагы парламенттик шайлоо бир катар олуттуу өзгөртүүлөр менен өтөрүн эскертип, саамалыктар тууралуу маалымат берип жатат. Ага ылайык, бул жолу аралыктан добуш берүү башталып, ал үчүн онлайн идентификациялоо киргизилет.

Бир жаран бир талапкерге гана добуш бере алат. Талапкерлерге сөзсүз кыргыз тилин билиши керек деген шарт коюлат . Ошондой эле соттолгон, соттуулугу жоюлган жарандар шайлоого катыша албайт.


Өзгөргөн шайлоо мыйзамдарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттангандар мамлекеттик тилди сөзсүз билиши керек деген норма кирген. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиеванын "Азаттыкка" билдиришинче, талапкер тилди канчалык деңгээлде билиши керектиги азырынча аныктала элек.

Акбалык Жумалиева.

"Азыр кыргыз тилин билиши керек деген гана талап бар. Бирок бизге анын деңгээлин Министрлер кабинетинен айтышы керек эле. Ошону бизге берише элек. Биз азыр кыргыз тилин билиши керек деген гана мыйзамга таянып жатабыз. Бирок деңгээлин аныктай албай жатабыз. Ошону бизге берише элек. Талапкер тилди канчалык деңгээлде билиши керектигин өкмөттөн айтышы керек. Жобо менен болобу же башка нерсе мененби, бизге аны бекитип бериши керек. Андай нерсе азырынча бизде жок. Мамлекеттик тил комиссиясынын бизге сертификаттарды алып берүүгө даярбыз деп айтышкан. Бизге деңгээлин аныктап берсе эле биз сертификаттарды талап кыла баштайбыз. Өкмөттөн гана жоопту күтүп жатабыз.

Министрлер кабинети буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Дагы бир өзгөртүүгө ылайык, сот күнөөлүү деп тапкан, бирок соттуулугу жоюлган же кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине, тараптардын келишип алганына же моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп бергенине байланыштуу кылмыш иши кыскарган жарандар талапкер боло албайт.

Дагы караңыз Спикер парламентти кезексиз таркатууну колдоду: Шайлоо качан болот?


Соңку жылдары бир катар саясатчыларга, партия лидерлерине жана жарандык активисттерге кылмыш иштери козголуп, айрымдарына сот чечимдери чыккан. Мындан улам мыйзамдагы бул норма кайсы бир адамдардын шайлоого катыштырбоо аракети болушу ыктымал деген пикирлер дагы айтылган.

БШКнын төрайымынын мурдагы орун басары Атыр Абдрахматованын пикиринде, бул жерде эске алчу бир катар жагдайлар бар.

Атыр Абдрахматова.

"Мен 2020-жылдардан бери эле айрыкча оор жана өзгөчө оор кылмыштарга байланыштуу соттолгон адамдар соттуулугу жоюлса дагы шайлоого катышпоосу керек деген норма киргизүүнү сунуштап келе жаткам. Сот жоопкерчилигине тартылып, анысы жоюлуп-жоюлбаганын Ички иштер министрлиги тактап берчү эмес беле. Эми алар маалыматты так берсе эле болду. Муну БШК тактабайт, алар ИИМдин маалымат борбору берген маалыматтырдын негизинде иш алып барат. Эми ИИМ ишин так алып барышы керек. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттолгондор деп киргени туура, бирок андан кийинкилери бир аз бүдөмүк болуп калыптыр. Реабилитацияланган жана реабилитацияланбаган кылмыш иштери деп башталып, ортодо тосмо арыз жазып бергендин негизинде кыскартылган кылмыш иштери болсо дагы шайлоого бара албайт деген норма иш жүзүндө кандай колдонулары бир аз бүдөмүк болуп турат. Ушул жери суроо жаратышы мүмкүн. Мен ар бир жаран Жогорку Кеңештин эки чакырылышында гана депутат боло алат деген чектөө киргизүүнү дагы сунуштагам. Болбосо өмүр бою депутат болуп, балдарына, кыздарына мураска таштап кеткен учурлар дагы болуп жатпайбы. Бул депутаттардын дагы курамын алмаштырып, жаңылоонун бир жолу болчу",-деди Абдрахматова.

Дагы караңыз "Өзүбүздү садага чаап жатабыз". Парламентти таркатууга 32 депутаттан кол чогулду


Бул жолку парламенттик шайлоодо Кыргызстан шарттуу түрдө 30 көп мандаттуу шайлоо округдарына бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланып келет, ар бир үчүнчүсү айым болушу керек. БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров соңку маектеринин биринде бир шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере аларын, аймактарда учурда бюллетендеги үч адамды белгилесе болот деген жаңылыш маалымат кетип жатканын эскерткен.

"Шайлоочу шайлоо участкасына келип, ID-картасын, чет өлкөлүк паспортун же телефондо «Түндүк» тиркемесин көрсөтөт. Ага бюллетень берилет. Ал бюллетенде депутат катары көргүсү келген талапкердин ысымынын жанына бир гана белгини (галочканы) коюшу керек. Башкача айтканда, принцип жөнөкөй: бир шайлоочу — бир добуш, бир талапкер үчүн. Азыр коомдо бир шайлоочу үч талапкерге добуш берсе болот деген пикир бар. Бул туура эмес. Бир шайлоочу — бир талапкер — бир добуш".

Бул жолку шайлоодо биринчи жолу аралыктан добуш берүү колдонулат. Ал үчүн онлайн идентификация, тактап айтканда тек-жайын аныктоо жүргүзүлөт. БШКнын түшүндүрмөсүнө ылайык, мындай ыкма айрыкча өзү катталган аймактан башка жакта жүргөндөргө, чет өлкөлөрдө жашап жаткандарга шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

"Онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аралыктан добуш берүү - бул шайлоочулардын туруктуу катталган дареги боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда жакынкы шайлоо участкасына барып, добуш бере алуу мүмкүнчүлүгү. Бирок шайлоочу өзү катталган шайлоо округунда ошол катталган шайлоо участогунда гана добуш бере алат. Бир округдун ичиндеги башка участокко барып добуш берүүгө болбойт. Чет өлкөдө жашаган же жүргөн кыргыз жарандарына добуш берүүсүн жеңилдетүү максатында шайлоо процесстерине катышуу үчүн аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Аралыктан добуш берүү аркылуу айылыңыздагы же шаарыңыздагы сиз тандаган татыктуу талапкерди колдоого болот", - деп жазылган БШК тараткан маалыматта.

Дагы караңыз Мыйзамга кол коюлду: Депутаттар бир мандаттуу округдардан шайланат


Шайлоо маселелери боюнча эксперт Бакыт Жумагулов мындай саамалыктар жетиштүү деңгээлде алдын ала сыноодон өткөрүлүшү керектигине токтолду.

Бакыт Жумагулов.

"БШК өзүнүн тажрыйбасына жаңы система, жаңы ыкма кирип жатканда булар үч-төрт округдан, же төрт-беш шайлоо тилкесинде колдонуп, пилоттук режимди колдонушу керек эле. Кемчиликтери, күчтүү жактары ошол жактан көрүнмөк. Бир тартипке салгандан кийин жалпы республикада колдонулчу эле. Анын баары кантип иштеп кетет деген суроолор жаралат. Бул жерде талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да кыйналып калышы мүмкүн. Аралыктан добуш берүү деген дагы бир топ суроо жаратат. Буга чейин шайлоо системасына добуш берүү күнү, ага чейин дагы киберчабуулдар болгон. Ошол жактан республикалык деңгээлде даярдык кандай дегенге көңүл буруу керек".

Бул жолу ири аба майдандарда, ири базардарда шайлоо тилкелери ачылат.

Кыргызстанда жакынкы айларда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөнү жатат. Жогорку Кеңештин 32 депутатынан турган топ парламенттин өзүн өзү таркатуу демилгеси менен кол топтогон жана ал тармактык комитеттин кароосуна киргизилген. Комитетте ал демилге 23-сентябрда колдоо тапты, эми маселе жалпы жыйында каралат.

Дагы караңыз Шайлоо: Капчыктуулар утуп, карапайымдар четте калабы?



Парламентте өзүн-өзү таркатуу демилгесин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60тан ашык депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен 30-ноябрда өтүшү мүмкүн.