Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында курулушта иштеп жаткан үч киши каза болду. Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, 22-сентябрда "НБ" ишканасынын аймагында бетон аралаштырган жабдык кулап, курулуп жаткан имарат жумушчуларды басып калган. Кырсыктан 30, 35 жана 48 жаштагы үч кишинин өмүрү кыйылды. Алардын бири башка өлкөнүн жараны экени кабарланды. Жумушчулардын сөөгү урандынын астынан чыгарылып, өлүкканага жеткирилди. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган үч киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Чүй милициясынын маалыматында кырсык катталган жерде эмне курулуш жүрүп жатканы айтылган эмес.
Өндүрүштөгү кырсык тууралуу курулуш компаниялары адатта маалымат берүүдөн качышат.
Буга чейин курулуштагы кырсыктын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалган. Бир нече жыл мурда объектилерден жумушчулар кулап кеткен он чакты учур катталса, акыркы убакта жылына жүздөн ашуун факты катталууда.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылы курулушта 11 адам кулап кетсе, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172, ал эми 2025-жылдын 3 айында эле 30дан ашуун окуя катталган. (КЕ)
Кара-Жыгач: курулушта үч кишинин өмүрүн алган окуяга шектүүлөр кармалды
Иллюстрациялык сүрөт.