Айрым саясатчылар Баш мыйзамдын жоболорун мисал тартып, “Жогорку Кеңештин ишмердиги токтогон учурдан тартып депутаттын дагы ыйгарым укуктары токтотуларын” жазууда. Мыйзамдык жагы кандай болорун түшүндүрөбүз.
Өткөн аптада Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркаткан чечимди кабыл алып жатканда парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу азыркы чакырылыштын ыйгарым укуктары жаңы шайланган депутаттар келип ишин баштаганга чейин сакталарын жар салган.
“Урматтуу депутаттар, мен Жогорку Кеңештин төрагасы катары айтып коёюн, биз Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй азыр өзүбүздү-өзүбүз таркаткан чечимди кабыл алган менен, кийинки VIII чакырылыштагы парламент келип, ушул жерге ант берген күнгө чейин биздин бардык ыйгарым укуктарыбыз сакталат. Эгерде бир кырдаал болсо, өзгөчө кырдаалдар, зарыл учурлар болсо, Жогорку Кеңештин төрагасы катары мен ошол замат кезексиз сессия чакырууга мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарым бар. Ошон үчүн биз аракеттеги парламент болуп кала беребиз. Болгону биз мөөнөтүнөн мурда шайлоого баратабыз”.
Спикердин мындай билдирүүсү өз ыктыяры менен кетип жаткан депутаттардын ыйгарым укуктары тууралуу талкууга жем таштады. Айрым саясий активдүү жарандар таркап кеткен парламенттин ыйгарым укуктары ошол маалдан тарта токтотуларын белгилешүүдө.
Дагы караңыз Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу сунушун бир добуштан колдоду"Мандаты да дароо токтотулушу керек"
Маселен, Жогорку Кеңештин өзүн таркатуусу жана ыйгарым укуктарынын тототулушу тууралуу жоболор Баш мыйзам менен жөнөкөй мыйзамдарда так жазылган. Баш мыйзамдын 79-беренесинде айтылгандай, депутаттын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин тийиштүү чакырылышынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу менен бир учурда токтотулат. Ушундай эле норма “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамда да белгиленген. Мындай учурда президент беш күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Ушундай нормаларды мисал келтирген коомдук ишмер Феликс Кулов өзүн-өзү таркатуу деген “ишмердигин юридикалык жактан токтотуу” дегенди билдирерин айтат. Ал парламент жокто президент, аткаруу жана сот бийликтери өз милдеттерин кыйшаюусуз аткара берерин, кеткен депутаттарды кайра чакырта турган өзгөчө учурлар каралбаганын белгиледи.
“Алдыдагы эки айда Министрлер кабинети иштейт. Бюджет жөнүндө мыйзам бар. Ошол мыйзамдын негизинде алар өз алдынча чечим кабыл ала беришет. Жаңы курам келгенден кийин өкмөттүн токтомдорун бекитип же жокко чыгарып коё алат. Бул болсо парламенттин жаңы курамынын ыйгарым укуктарына кирет. Эгерде кандайдыр бир башка чечимдер талап кылынса – бул жерде президенттин жарлыктары бар. Ал өзүнүн ыйгарым укуктарынан алкагында жарлыктарды чыгарса болот. Ошондуктан, эч кандай чукул кырдаал болбойт. Депутаттар, парламент деген жок эми. Эгерде алар бир нерсе кабыл алчу болсо, ал чечимдери мыйзамсыз болуп калат. Андыктан, кайра жармашыштын кереги жок, таркадыңарбы – татыктуу кеткиле, бир нерсени чечип коём деп айтыш туура эмес болуп калат. Министрлер кабинети, президент, сот бийлиги – баары өз ордунда турушат. Азыр эч кандай чукул мыйзамдарды кабыл алуу керек эмес”.
Куловдун пикиринде, азыркы курам аягына чейин ыйгарым укуктарын сактап, жаңы келген депутаттардын алгачкы жыйынынан тарта мандатын өткөрүп бериши үчүн парламент өзүн-өзү таркатпай, шайлоо адаттагы шарттарда өтүшү керек. Ал мыйзамдарды бир жактуу колдонуш үчүн депутаттар Конституциялык сотко кайрылып, так аныктама чыгартып алышы зарыл экенине токтолду.
Жогорку Кеңештин аппараты болсо парламент өзүн-өзү таркатканына карабай, депутаттардын мандаты токтотулбай турганын билдирип, буга мыйзамдык негиздемелерин келтирүүдө.
“Жогорку Кеңештин регламентинин 140-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин да өзүнүн ыйгарым укуктарын Жогорку Кеӊештин биринчи жыйналышына чейин аткара берет. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, шайлоо учурунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулбайт”, - деп жазылган Жогорку Кеңештин аппаратынын билдирүүсүндө.
VII чакырылыштын ыйгарым укуктары жаңы курам келгенче сакталат деген позицияны Борбордук шайлоо комиссиясы да карманууда.
"Депутаттарды каржылоо да улантылат"
“Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга ылайык (29-39-беренелер), парламенттин аппараты менен иш башкармалыгы аны кызматтык жай, керектүү канцелярдык жана техникалык каражаттар, байланыш каражаттары, транспорт менен тейлөөнү камсыздап турат. Депутат социалдык турмуш-тиричилик шарттары, жумушчу жайы жана Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында жекече орун менен камсыздалат. Бишкекте турак жайы жок депутаттардын батир акысы төлөнөт.
Мандатынын мөөнөтүндө эмгек акы, эмгек өргүүсү төлөнүп, медициналык камсыздоого жана социалдык коргоого алынып, барган жерлеринде мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер аларды байланыш, мейманкана өңдүү шарттар менен камсыздоого милдеттендирилет.
Депутат өзүнө консультант алууга укуктуу. Муну менен катар коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды да ала алат. Мыйзам долбоорлору менен иштөө боюнча атайын адабияттар, керектүү маалыматтык материалдар жана мезгилдүү басылмалар менен камсыз болот.
Ага ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүнө дипломатиялык паспорт берилет. Чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөр аккредитацияланган аймактарда Жогорку Кеңештин депутатына зарыл жардам жана колдоо көрсөтүүгө тийиш. Депутаттын ишмердүүлүгүнө байланыштуу өлкө чектеринен тышкары иш сапарларына чыккан депутаттын чыгымдары төлөнүп берилет. Мунун баары мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.
Жогорку Кеңештин Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жайыл Русланов аппараттын жооптуу адистери менен кеңешкен соң мөөнөтүнөн мурда таркап кеткен VII чакырылыштын депутаттарынын материалдык-техникалык чыгымдарын бир бөлүгүн бюджеттик каржылоо улана турганын билдирди.
“Азырынча кайсы депутат шайлоого талапкер болуп катыша тургандыгы боюнча маалыматыбыз жок. Эгер талапкер болуп каттала турган болушса, шайлоо процесстерине байланышкан мыйзамдар иштеп, тиешелүү органдар көзөмөлдөйт. Үгүт жана шайлоо маалында эч кандай административдик ресурс колдонулбайт. Анын ичинен депутаттын жардамчылары “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын 15-беренесине ылайык, шайлоо өнөктүгүнө байланышкан иштерге тартылбайт. Ал эми депутаттын ыйгарым укуктары токтотулганга чейин айлык маянасы бериле берет”.
Русланов депутаттын өлкө аймагындагы сапардык чыгымдары төлөнбөшүн, парламенттеги иш бөлмөлөрүн акыр-аягына чейин колдоно берерин, канцелярдык жана техникалык каражаттарга кеткен чыгымдарын өздөрүнүн депутаттык фондунан каржылай аларын кошумчалады.
Дагы караңыз Президент Жапаров парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун 30-ноябрга белгиледи"Кеткен депутаттын мандатын сактоо жана каржылоону улантуу мыйзамсыз"
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева мындай болгондо депутат административдик ресурсту колдонуп жана ыйгарым укуктарынан аша чаап каларын эскертүүдө.
“Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүлгөн кезде, эгерде депутаттар маяна алса – негизи шайлоо системасынын теңдигине жатпаган принцип. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу болот. Мурда, 2021-жылдагы шайлоодо кандай принцип болду эле? Экс-төрага Талант Мамытов өзүнүн төрагалык позициясын сактап калгандыгы үчүн дагы БШК анын талапкерлигин шайлоо жарышынан чыгарабыз деп чечим чыгарып, анан сот аркылуу төраганын ыйгарым укуктарын калтырып, араңдан калыбына келди эле го. Ошондуктан, азыр булардын маянасынын сакталгандыгы эч туура эмес. Мисалы, Жогорку Кеңеште аппараттын адистери жана консультанттар деп бөлүнөт. Консультанттар – патронаждык кызмат, депутаттардын өзүнө тиешелүү. Ошол депутаттын консультанттары жумуштан бошотулушу керек. Жана үгүт башталган кезде же бүгүнкү күндөгү иштеп жаткан депутат өзүнүн талапкерлигин шайлоого чыгарыш үчүн ал маяна албастан, талапкерлигин БШКдан каттоодон өткөрүш керек. Андай болбосо, теңдик принциби толугу менен иштебей калат. Булар мөөнөтүнөн мурда өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин, кайра улантып кетүүгө укугу жок. Булар кайсы иши үчүн бүгүнкү күндө маянасын алмак эле? Эмне иш кылышат?”.
Кийинчерээк Таттуубүбү Эргешбаева депутаттардын кеңешчилери жана консультанттарынын эмгек келишимдери токтогонун Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Азыркы төраганын ыйгарым укуктары кандай болору, ага жана орун басарларына берилген кызматтык унааларды колдоно алабы же жокпу? Башка артыкчылыктары кандай болору азырынча ачык бойдон калды.
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-ноябрга дайындаган жарлыгын чыгарды.
Жаңы мыйзамга ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан ар биринде орточо 142 миң шайлоочусу болгон 30 округга бөлүнөт. Округдардын так картасы азырынча белгисиз, ал президент жаңы шайлоо жөнүндө жарлык чыгаргандан кийин жарыяланат. Ар бир шайлоо округунан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бирөө гендердик квота боюнча аял киши болот.
Талапкерлерге карата талаптар бир кыйла күчөтүлгөн. Талапкер добуш берүү күнүнө карата 25 жашка толгон, кыргыз тилин билген, жогорку билими бар жана Кыргызстанда беш жылдан кем эмес жашаган жаран болушу керек. Диний ишмерлер дин жаатындагы ишмердигин токтоткондон беш жылдан кийин гана катыша алышат.
Муну менен катар үгүтчүлөрдүн саны 500дөн миңге, шайлоо фонду 10 млн сомдон 20 млн сомго чейин көтөрүлдү. Талапкерлердин 300 миң сомдук күрөөсү шайлоону уткан-утпаганына карабай, кайтарылбайт.