Киши колдуу болуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелиши президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу 1-октябрда мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди:
"Коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. Ошол эле учурда мамлекет башчысы Президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иштөө тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү. Президент Садыр Жапаров айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда".
Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына, башкача айтканда, Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
Шектүү кылмышын жашыруу үчүн автоунаасын жууп-тазалап таштап кетип, уюлдук телефонун жана сим-картасын жок кылган. Аны ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жети-Өгүз райондук милициясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жашынып жүргөн жеринен кармаган.
ИИМ 41 жаштагы шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон жаран экенин, ушул тапта ал Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын маалымдаган.
Айсулуу Мукашеванын сөөгү 30-сентябрда айылында жерге берилди. Анын жакындары шектүүгө катуу жаза берүүнү талап кылып жатышат. Кыз кармалган адам менен мурда-кийин тааныш болгон эмес.
Кыргызстанда буга чейин да кыз-келиндер уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуялар болгон. (BTo)