Кыргыз өкмөтү Кытайдан унаа ташууга уруксаттын жол-жобосун жеңилдетет

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан – Кытай багытында эл аралык автоунаа ташууларына уруксат берүү жеңилдетилерин билдирди. Бул тууралуу 6-октябрда аппараттык кеңешмеде айткандай, азыркы система боюнча жүк ташуучулар уруксат алуу үчүн кагаз документтерди даярдайт жана бул бюрократиялык тоскоолдуктарга жана кошумча чыгымдарга алып келет.

Маселенин негизги себеби – кытай тарап менен биргелешкен электрондук система жоктугу жана уруксаттарды онлайн берүү ыкмасынын киргизилбегени.

Быйыл сегиз айда Кыргызстандын чек арасынан 479 миңден ашуун автоунаа өтсө, анын 226 миңден көбү чет өлкөлүк болгон. Алардын 221 миңи экспорттук багыттагы автоунаалар.

“Өткөрүү пункттарындагы узакка созулган текшерүүлөр убакытты, каражатты жана ташуучулардын атаандаштык артыкчылыктарын жоготууга алып келет. Натыйжада транспорт каражаттары чек арада үч сааттан үч күнгө чейин кармалууда. Бул экспортчулардын жана транспорттук компаниялардын ишине терс таасирин тийгизип, каржылык чыгымдарга алып келет жана өлкөнүн транзиттик потенциалын төмөндөтөт”, - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, реформанын натыйжасында жүк ташуучулар чек арадан тез өтүп, убакытты жана чыгымды үнөмдөй алышат.

Тиешелүү мекемелер реформаны 100 күн ичинде толук ишке ашырылууга милдеттендирилди.

Кыргызстандын тышкы соодасында Кытай эң башкы өнөктөш – дүйнө менен жалпы соода алакасынын 35% ээлейт. Бээжиндин эсебинде 2024-жылы Кытай–Кыргызстан соодасынын көлөмү 22,7 млрд доллар болгон. Кыргыз статистикасы бул санды 5,6 млрд доллар деп көрсөтөт. Анын 98% Кытайдан келген импорт болуп эсептелет.

Дагы караңыз

Миңдеген туристтер бурганактын айынан Эверестте калдыФранциянын өкмөт башчысы дайындалганына бир ай боло электе кызматтан кеттиАба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайтШайлоодо талапкер көрсөтө турган үч партия БШКга арыз берди