Физика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык университеттерде эмгектенген окумуштуулар Жон Кларк, Мишел Деворе жана Жон Мартиниске кванттык механика тармагындагы изилдөөлөр үчүн ыйгарылды. Нобел комитетинин билдирүүсүндө айтылгандай, илимпоздор "электр чынжырында макроскоптук кванттык-механикалык туннелдештирүүнү жана энергияны квантташтырууну ачкан".
Кларк – британиялык-америкалык физик, Беркли университетинин профессору. Деворе – франциялык окумуштуу, Йел университетинин профессору, Google компаниясында Quantum AI программасынын илимий жетекчиси болуп иштейт. Мартинис – америкалык физик, Санта-Барбарадагы университеттин профессору. Ал дагы Google корпорациясында жасалма интеллект жана кванттык компьютерлерге байланышкан долбоорлорго катышып жүрөт.
Алардын ачылышы заманбап кванттык компьютерлерди ойлоп табууга негиз берген.
Дүйшөмбүдө медицина боюнча лауреаттар белгилүү болгон. Үстүбүздөгү аптада Стокголмдо химия жана адабият, жума күнү Ослодо тынчтык сыйлыгынын жеңүүчүлөрү жарыяланмакчы.