Израил менен ХАМАС бошотула турган туткундар тизмеси менен алмашты

Барымтадагыларды бошотуу талабы коюлган акция.

Египетте Газа секторундагы согушту токтотуу тууралуу ортомчулардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Үч күн мурда башталган жолугушууга Израил менен ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган) тобунун ортосундагы ортомчу катары Египет, Катар жана Кошмо Штаттар өкүлдөрү катышууда.

АКШ президенти Дональд Трамп сунуш кылган планда ХАМАС барымтада кармап отургандардын баарын бошотуу тууралуу жазылган.

ХАМАСтын өкүлү 8-октябрда билдиргендей, тараптар бошотула турган адамдар жазылган тизмелерди бири-бирине өткөрүп беришти.

Соңку маалымат боюнча, Газада азыркы тапта ХАМАСтын колунда 48 адам калды, алардын 20сы гана тирүү. Барымтадагы тирүүлөрдү жана каза болгондордун сөөгүн кайтарып алса Израил, Трамптын планы боюнча, камакта кармап отурган жүздөгөн палестинди бошотушу керек болот.

ХАМАСтын өкүлү сүйлөшүүлөр позитивдүү нукта өтүп жатканын билдирди.

Трамптын сунушундагы ХАМАСтын куралын таштоосу тууралуу талабы боюнча мунаса табыла элек. Аталган топ израилдик аскерлер Газадан толук чыгып кетишин талап кылууда. Ошону менен катар алар Газа секторун башкарууну "палестин улуттук мунасасына жана арабдар менен исламдын колдоосуна негизделген" көз каранды эмес органга өткөрүп берүүгө макул экенин жарыялаган.

2023-жылы 7-октябрда бир күндө кеминде 1197 кишиси өлтүрүлүп, дагы 251и барымтада калган кандуу кол салуудан кийин Израил Газа секторунда ХАМАСка, Ливанда "Хезболлага" жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согуш баштаган. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Ошондон бери Израил аталган топтордун башчыларынын дээрлик көпчүлүгүн жок кылды. (RK)

Дагы караңыз

Украинада темир жол жана энергетика объектилерине сокку урулдуУкраинада жайкын тургундар жараат алды, Орусияда эки аэропорттун иши убактылуу токтодуУкраинада эки, Орусияда үч жайкын тургун каза болгону кабарланды Бишкекте чыгырык тепкендерге кошумча талап коюлат