Ак-Ордодогу окуя: Шектүү ал үйгө акча үчүн киргенин билдирди

ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектелген кишинин кылмыш тууралуу көрсөтмөсүн жарыялады. Мекеменин 8-октябрда жарыялаган видеосунда шектүү ал үйгө акча үчүн киргенин айтып берген.

Шектүү эки кишини бычактап өлтүргөнүн мойнуна алып, ал жерге маршруттук каттам менен барганын, бычакты Орто-Сай базарынан сатып алганын билдирген.

Тасмада шектүүнү окуя болгон жерге да алып барып, көрсөтмө алганын көрүүгө болот.

“Экөөнү катар кылып (ред: кыштарды дубалга) тизип, ашып өттүм. Бут кийимди чечип, акырын бул жерге койдум. Ал ордунан турганда башына эки үч жолу чаптым. Ал мени кучактап жерге кулатты, экөөбүз алышып жатып, эшикти кулаттык. Ал мени түртүп, мен эшикти сындырдым. Кийин ал кулаганда ичине бычак сайдым. Ал кайра турууга аракет кылганда желкесине дагы бир жолу бычак урдум”, - деп көрсөтмө берген.

Кийин маркумдун эжеси келип, шектүүнү колдон кармаганда ал “коркуп кетип, ичине, желкесине бычак урганын” кошумчалады.

Анын алдында ИИМ маркумдун жубайынын көрсөтмөсүнүн видеосун жарыялаган жана анда ал шектүүнү тааныганын, кылмыш кылган киши ошол болгонун айткан.

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда эки бир тууганды мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 19 жаштагы адам 7-октябрда кармалды. Ички иштер министрлиги кылмыш ишинин айрым жагдайларын ачыктап, 34 жаштагы эркек кишиге 18, анын 38 жаштагы эжесине 11 жолу бычак сайылганы аныкталганын билдирди.

Бул тууралуу расмий маалымат чыга электе шектүүнү кармоо учурунда тартылган сүрөттөрү социалдык тармактарда тарап, интернет колдонуучулар ал буга чейин тараган видеодогу адамга окшош эмес экенин жазып чыгышкан.

Министрликтин расмий маалыматына ылайык, шектүү Ички иштер министрлигинин коомдук жайларда орнотулган “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган адамдын жүзүн тааныган камералардын жардамы менен кармалды. Шектүүнүн кайсыл жакта жүргөндүгү боюнча маалыматтар такталып, Бишкек шаарынын аймагында жана Ысык-Көл облусуна чейинки аралыктагы видео камералар текшерүүгө алынган. Окуя болгон үйдөн далил буюмдар алынып, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен көп суммадагы акча табылган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков шектүүнүн атасы Майрамбек Садыков “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турганын, ал “Дөө Чыңгызды” акыркы сапарга узатуу зыйнатына да катышканын жазды.

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өмүрүн алган окуя 3-октябрга караган түнү болгон. Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине түн катып кирген киши эки бир тууганды, 38 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркекти бычактап өлтүргөн. Кылмыш болгон үйдөн маркумдун жубайы үч баласы менен качып чыгууга үлгүргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси – “Адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон.

Дагы караңыз

Ак-Ордодогу окуя: Маркумдун жубайы шектүүнү тааныганын айттыТүркияда Чыңгыз Айтматов тууралуу китеп орток түрк арибинде жарык көрдүРоналду биринчи миллиардер футболчу болдуУкраинада эки, Орусияда үч жайкын тургун каза болгону кабарланды