10-октябрдын аба ырайы: Тоолуу аймактарга кар жаайт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 10-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 14…19 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 18…20° болот.

Дагы караңыз

Израил менен ХАМАС туткундарды бошотууну макулдаштыУКМК Медакадемиянын окутуучусу 150 миң сом пара менен кармалганын билдирдиГрузияда бийликти кулатууга чакырык таштоо ишинин алкагында 23 киши кармалды Израил менен ХАМАС бошотула турган туткундар тизмеси менен алмашты