Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

УКМК Медакадемиянын окутуучусу 150 миң сом пара менен кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Иса Ахунбаев атындагы Мамлекеттик медициналык академиянын окутуучусу 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (ири өлчөмдө опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Д.Н.Д аттуу окутуучу колго түшкөн.

Аны кармоо учурунда иш бөлмөсүндө жанында окуу жайдын студенти да болгон. Тинтүү учурунда студенттин жанынан 100 миң сом акча табылган жана тергөө учурунда бул каражат студенттерден чогултулганын ырастаган. Аны кышкы сынактарда оң баа коюп берүүсү үчүн окутуучуга бермек болгонун айткан.

“Буга чейин КР УКМК жогорку билим берүү системасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш алып баруу учурунда Д.Н.Д. кызматтык абалынан пайдаланып, студенттерден экзамендердин оң жыйынтыгы үчүн акча талап кылып, эгер бербесе зачет тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, экзаменден алган упайларын төмөндөтүп саларын айтып коркуткандыгы аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалган окутуучу УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат соңку учурда билим берүү мекемелеринде коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын белгилеп, бир катар окуу жайга байланыштуу маалымат тараткан. Анда Бишкек шаарындагы, Нарын, Ысык-Көл, Баткен облустарындагы жогорку окуу жайлардан жүздөгөн студент чыгарылганын, алардын айрымдары бюджеттик орундарга мыйзамсыз кабыл алынганы аныкталганын айтып, “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон фактылар да бар экенин маалымдаган.

Шектелип кармалган окутуучунун өкүлдөрү азырынча маалымат бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG