Садыр Жапаров Ак-Ордодогу окуянын тергелиши боюнча билдирүү жасады

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Бишкектин Ак-Ордо конушундагы эки кишинин өлүмүнө байланыштуу коомчулуктагы талкуу тууралуу үн катты. 9-октябрда Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүндө мамлекет башчы шектүүнүн интернетке жарыяланган сүрөтү боюнча социалдык тармактарда“экөө эки башка киши” деген пикирлерди төгүндөп, окуя болору менен ыкчам топту ички иштер министри Улан Ниязбеков өзү баштап барганын жазды.

Ал ошондой эле шектүү “Коопсуз шаар” түзүмүнүн жардамы менен табылып, кармалганын, бул долбоор аймактарга жайылтылып, техникалык жактан бекемделип жатканын билдирди.

“Милицияларга бардык шарттарды түзүп бердик. Техникалык каражаттары жетиштүү. Керек болсо милициялардын өздөрүн кайда, кантип иштеп жүрүшкөнүн башкы штабда онлайн көзөмөлдөп турушат. Кээ бир жарандарыбыз: “ИИМ элге тез-тез маалымат берип турса болмок, минтип ызылдабайт элек”, - деп чыгышты. ИИМ мындай учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тез-тез маалымат бербейт. Качан гана толук изилдеп бүткөндөн кийин бериши мүмкүн. Ошондуктан мындай чуулгандуу иштерде баарыбыз эксперт болуп кетпей, сабырдуулук менен күтүшүбүз керек”, - деди президент.

Жапаров "коомчулукта милиция кызматкерлерине ишеним начар" деп буга мурдагы укук коргоо кызматкерлери күнөөсүз кишилерди кармап, мойнуна алдырган тажрыйбасы себеп болгонун, учурда андай эмес экенин белгиледи.

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өмүрүн алган окуя 3-октябрга караган түнү болгон. Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине түн катып кирген киши эки бир тууганды, 38 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркекти бычактап өлтүргөн. Кылмыш болгон үйдөн маркумдун жубайы үч баласы менен качып чыгууга үлгүргөн.

Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып, айрым колдонуучулар Ички иштер министрлигин "ыкчам маалымат бербей жатат" деп сынга алган.

Эки кишини өлтүрүүгө шектелген 19 жаштагы адам 7-октябрда кармалган. Тергөөдө маркумдун жубайы шектүүнү тааныганын, ал ошол кылмышты кылган киши экенин айткан. Кийин министрлик шектүүнүн эки кишини кантип өлтүргөнү тууралуу берген көрсөтмөсүнүн видеосун жарыялады.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси – “Адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон.

Дагы караңыз

10-октябрдын аба ырайы: Тоолуу аймактарга кар жаайтАйзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу иш Ош облустук сотунда карала баштадыИзраил менен ХАМАС туткундарды бошотууну макулдаштыУКМК Медакадемиянын окутуучусу 150 миң сом пара менен кармалганын билдирди