Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу иш Ош облустук сотунда карала баштады


Күйөөсүнүн колунан каза тапканы айтылган Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу иш Ош облустук сотунда карала баштады. “Азаттыкка” облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 8-октябрдагы отурум жактоочунун иш менен таанышып чыгуу үчүн келтирген өтүнүчүнө байланыштуу жылдырылды. Кийинки процесс 5-ноябрда болот.

Өзгөн райондук соту Айзирек Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу 31-июлда чечим чыгарып, анын күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыраткан. Эралиеванын жакындары шектүүнү өмүр бою камакта калтырууну өтүнүп, Өзгөн райондук сотунун чечимине каршы облустук сотко даттанган.

Бул окуяга байланыштуу "адам өлтүрүү", "куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Быйыл 26-майда Өзгөндөгү Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин ага барган 38 жаштагы Айзирек аттуу келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны атууга шек саналып 40 жаштагы күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган.

Ички иштер министрлиги кылмышка шектүүнүн куралы буга чейин каттоого алынбаганын, текшерилбегенин бышыктап, буга байланыштуу айрым кызматкерлер жазаланганын билдирген.

Маркум келиндин артында беш баласы калган.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG