Нобелдин тынчтык сыйлыгын Венесуэладагы оппозиция лидери Мария Корина Мачадо алды

Мария Корина Мачадо

Нобелдин 2025-жылдагы тынчтык сыйлыгы Венесуэладагы оппозиция лидери Мария Корина Мачадого ыйгарылды.

Былтыр жыл аягында Европа парламенти Мария Корина Мачадого жана анын тарапташы, президенттикке мурдагы талапкер Эдмундо Гонсалеске Андрей Сахаров атындагы "Ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн сыйлыгын берген.

"Алар миллиондогон венесуэлалыктар жана Европарламент үчүн абдан маанилүү баалуулуктарды - адилеттүүлүктү, демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн тайманбастан коргоп турушту", - деген Европарламенттин төрайымы Роберта Метсола.

76 жаштагы Эдмундо Гонсалес Венесуэладагы шайлоодон кийин өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийин Испаниядан саясий баш калка алган.

Ал эми 58 жаштагы Мария Мачадо өз өлкөсүндө жашырынып жашоого аргасыз болууда. Анын ордуна сыйлыкты кызы Ана Корина Соса алды.

Венесуэлада президенттик шайлоо 28-июлда өткөн. Оппозиция шайлоо бекеттеринин 78% протоколдорун алышканын, анда Гонсалес Мадурону эки эсе көп добуш менен утканы айкын экенин айтып чыгышкан.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Нобелдин тынчтык сыйлыгына татыктуу экенин бир канча жолу айтып келген жана президенттик кызматка экинчи жолу киришкенден бери бир нече согушту токтотконун билдирген.

Өткөн айдын аягында Трамп америкалык генералдардын алдында сүйлөп жатып бул темага дагы бир жолу кайрылган.

Анын тынчтык жаатындагы соңку маанилүү аракети Газадагы кырдаалга байланыштуу болду.

Дональд Трамп шаршембиде кечинде Израил менен ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган топ) анын тынчтык планынын алгачкы этабын ишке ашырууга макул болгонун жарыялаган.

Июнь айында Пакистандын өкмөтү Дональд Трампты Нобелдин тынчтык сыйлыгына талапкер катары расмий сунуштаган.

Бул сыйлыкты АКШнын бир нече президенти алган, алардын ичинен акыркысы - демократ Барак Обама.

Дагы караңыз

Муфтий дин ишмерлерине шайлоого аралашпоо тууралуу эскертти Киев шаарына жасалган Орусиянын чабуулунда тогуз адам жараат алды Израил өкмөтү ХАМАС менен тынчтык келишиминин биринчи этабын ишке ашырууну колдоду Өкмөт Бишкектеги Ботаникалык бакты жаңылоого 340 млн сом керек деп эсептелгенин билдирди Салянова Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу маалыматты жарыялоону кийинкиге калтырды