БШК аралыктан добуш берүү ыкмасын сыноо башталганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 10-октябрдан тартып бардык шайлоо тилкелеринде аралыктан добуш берүүгө ыңгайлашкан жабдууларды сыноо башталганын билдирди. Анда Бишкектеги ири соода жайлардын бириндеги текшерүүгө коомдук-сасий ишмерлер, журналисттер, жарандык активисттер күбө болгонун маалымдады.

"Тесттик добуш берүүгө катышкандар жаңы жабдыктар да, система да үзгүлтүксүз иштей турганын көрүштү. Системанын артыкчылыгы - шайлоочуларга дистанциялык добуш берүү үчүн шайлоо участогун тандоодо эркиндик берилет. Мындай тесттик добуш берүү Орусиянын беш шаарында - Москвада, Новосибирскиде, Красноярскиде, Екатеринбургда жана Иркутскиде да өткөрүлүп жатат", -деп жазылган маалыматта.

Быйыл 9-июнда кабыл алынган мыйзамга ылайык “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Алардын бири – аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны киргизүү болгон.

Онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун эреже-тартиби, талап өзгөргөн. Анда өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).

Дагы караңыз

Салянова Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу маалыматты жарыялоону кийинкиге калтырды Нобелдин тынчтык сыйлыгын Венесуэладагы оппозиция лидери Мария Корина Мачадо алды Муфтий дин ишмерлерине шайлоого аралашпоо тууралуу эскертти Киев шаарына жасалган Орусиянын чабуулунда тогуз адам жараат алды Израил өкмөтү ХАМАС менен тынчтык келишиминин биринчи этабын ишке ашырууну колдоду Өкмөт Бишкектеги Ботаникалык бакты жаңылоого 340 млн сом керек деп эсептелгенин билдирди