Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөт мүчөлөрүнө жана Президенттин администрациясынын кызматкерлерине кайрылып, шайлоого аралашпоого чакырды.
Анын кайрылуусун Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
“Шайлоого аралашпагыла! Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе - анда кызмат ордун тапшырып берип, андан кийин гана шайлоодо иштесин”, - деп айтылат кайрылууда.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (BTo)