Президент Жапаров Элдик курултай өтчү күндү өзгөрттү

2024-жылы өткөн курултай.

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайды өткөрүү тууралуу жарлыгына өзгөртүү киргизди. Ага ылайык курултай буга чейин белгиленгендей 22-декабрда эмес, 25-декабрда өтөт. Ага 700 делегат катышат.

2024-жылы үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтүп, ага 698 делегат катышкан. Алардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү болгон. Андан тышкары 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү келген.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда өткөн. (BTo)

Дагы караңыз

Боливияда жаңы президент шайландыКазакстан коомдук жайларга жүздү таануу системасын киргизүүнү пландап жататЕвропа кеңеши 2028-жылга чейин орусиялык газдан толук баш тартууну жактырдыБУУ: Түрк Кыргызстанды өлүм жазасын кайтаруу аракетин токтотууга чакырды Шайлоо: Ошто автоматтык эсептөө урнасын уурдоого шектүүлөр кармалдыАдылбек Касымалиев өкмөт мүчөлөрүн шайлоого аралашпоого чакырды