ИИМ сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү сунушун берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана Кылмыш-жаза кодекске “Сексуалдык ыдык” беренесин киргизүү сунушун берди. Министрлик иштеп чыккан документ коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, сексуалдык мүнөздөгү ачык сөздөрдү айтып жыныстык органдарды көрсөткөндөр, адам каршылык кылганына карабай аны кармалап, сылап, чымчыса, ошондой эле, сексуалдык маанидеги сүрөт, видео же аудио жибергендерге 20 миң сом айып салынат же үч суткадан жети суткага чейин камакка алынат.

Мындай мыйзамсыз ишти кайталап жасаган адам үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

ИИМ акыркы жылдары Кыргызстанда коомдук жайларда ыдык көрсөтүүгө байланышкан даттануулар жана кайрылуулар көбөйгөнүн билдирди. Өлкөдө буга чейин коомдук жайларда, жумушта аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн окуялар боюнча арыз-даттануулар болгон. Айрым кызматкерлер кармалган да учурлар бар. (BTo)

Дагы караңыз

Ак үйдөгү булактар Трамптын Путин менен жолугуу планы жоктугун билдиришүүдөОшто турак жайдан чыккан өрттөн энеси беш баласы менен каза болду Новопокровка айылында заводдо болгон жарылуудан эки киши каза таптыФранциянын экс-президенти Саркози беш жылдык мөөнөтүн өтөө үчүн Санте абагына барды Салык кызматынын мурдагы төрагасы менен орун басары камакта калдыCNN: Лавров менен Рубионун кездешүүсү кийинкиге калды