Reuters Кытайдын мамлекеттик ишканалары орус мунайын сатып алууну токтотконун жазды

АКШ “Роснефть” жана “Лукойл” компанияларына санкция салгандан кийин Кытайдын мамлекеттик ишканалары деңиз аркылуу орус мунайын сатып алууну токтоткону кабарланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги булактарына таянып жазды.

Агенттиктин билдиришинче, сөз кытайлык Sinopec, CNOOC жана Zhenhua Oil компаниялары жөнүндө болууда. Reuters мындан тышкары индиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдор да Орусиядан импортун азайтышы мүмкүн экенин жазды.

Кытай күн сайын деңиз аркылуу орто эсеп менен 1,4 миллион баррел орус мунайын импорттойт. Анын негизги бөлүгүн көз карандысыз ишканалар, анын ичинде мунай иштетүүчү чакан заводдор сатып алышат. Vortexa Analytics компаниясынын аналитиктеринин баалоосу боюнча, мамлекеттик ишканалар күнүнө 250 миң баррелден аз мунай алат. Energy Aspects аналитикалык компаниясынын маалыматтарына караганда, бул көлөм суткасына 500 миң баррелге чейин жетет.

Бир нече трейдер "көз карандысыз мунай иштетүүчү заводдор санкциялардын таасирин баалоо үчүн сатып алууларды убактылуу токтотушарын, бирок орус мунайын сатып алууну улантууга аракет кылышарын" агенттикке билдирген.

Дагы караңыз

БШК алты айдан ашык чет өлкөдө болгон жаранды талапкер кылып каттоодон баш тарттыТрамп Binance криптовалюталык компаниясынын негиздөөчүсүнө ырайым берди Орусиянын эки учагы Литванын аба мейкиндигине киргени кабарландыБалбан Нурзат Нуртаева күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду