Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Балбан Нурзат Нуртаева күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду


Кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева Сербияда өткөн жаштар арасындагы чемпионатта (U-23) алтын медал утуп алды. 72 килограммдык салмакта күрөшкөн Нуртаева алгач германиялык, кийин чейрек финалда орусиялык балбандарды жеңди.

Ал эми жарым финалда ал жапониялык балбан менен күрөшүп жеңишке жетишти. Финалда АКШдан келген дүйнө чемпионунун далысын жерге тийгизип, жаштар арасындагы чемпион аталды.

23 жаштагы Нурзат Нуртаева буга чейин 2022-жылдагы жайкы Азия оюндарында күмүш, быйылкы дүйнө чемпионатында коло байгеге татыган.

Шерине

XS
SM
MD
LG