Бишкек милициясы блогер, контентмейкерлерге мыйзам бузбоо тууралуу эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы блогерлерге, контентмейкер, видеомейкерлерге жана социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына мыйзамды сактоо тууралуу эскертти. Анда соңку кездери коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, укугуна шек келтирген түз эфирлер, пранктар көбөйгөнү белгиленген.

“Контент жайылтууда мыйзамды бузбоо керек. Эгер мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Бардык блогерлерди, стримерлерди жана контент жаратуучуларды коомдук тартипти жана жарандардын укуктарын урматтап, жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз”,-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Бишкек милициясы Инстаграмда "Тапсаң сеники" деген баракча аркылуу оюн уюштурган жаранга эскертүү берген. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи мындай оюн уюштурбоо тууралуу убада бергенин кабарлаган. Ошондой эле анын коомчулуктан кечирим сураган видеосун да жарыялаган.

Анын алдында соцтармактарда топтошкон адамдар талаа аралап, көчөлөрдү кыдырып, кандайдыр бир баалуу буюмдар катылган жерди издеп жатканы тартылган видеолор тараган жана бул оюн “Тапсаң сеники” аттуу баракча аркылуу уюштурулуп жатканы белгилүү болгон.

Соцтармактарда колдоочуларды көбөйтүү, таанымал болуу максатында буга чейин дагы коомчулукта талаш-талкуу жараткан ар кандай оюндар уюштуруп келген.

Дагы караңыз

Трамптын Борбор Азия боюнча чабарманы Казакстан менен Өзбекстанга баратЖергиликтүү кеңештин депутаттары Манас шаарынын макамын өзгөртүүнү колдодуОрусия Киевди ракета менен аткылады, кеминде сегиз адам жараат алды Бишкек: көп кабаттуу үйдөн кулаган аялдын өлүмүнө байланыштуу чет элдик эки жаран камалды БШК: шайлоо күнү чет өлкөлөрдө жалпы 91 добушкана ачылат