УКМК Таш-Көмүр шаарынын вице-мэрин кармады

Кармалган эки шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри (К.Н.А.) жана мэрияга караштуу Муниципалдык менчик департаментинин директору (К.У.А.) кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында Таш-Көмүр шаардык администрациясынын кызмат адамдары Теңдик, Чүйүт-Сай айылындагы, Ноокен районундагы Кызыл-Алма айылындагы муниципалдык жер тилкелерин (2024-жылга чейин Таш-Көмүр шаарынын курамында болгон) жакын туугандарына жана тааныш-билиштерине мыйзамсыз өткөрүп бергени, жасалма аукцион аркылуу арзан баада сатканы аныкталган.

Андан тышкары темир жолдун боюндагы суу коргоо зонасында жана санитардык коргоо тилкесинен коммерциялык объектилер үчүн жерлерди бөлүп берүү фактылары такталган.

Бул фактынын негизинде 22-октябрда Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри (К.Н.А.) жана мэрияга караштуу Муниципалдык менчик департаментинин директору (К.У.А.) кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды. Шектүүлөрдүн адвокаттары же жакындары комментарий бере элек. (BTo)


Дагы караңыз

Кыргызстанда БУУнун 80 жылдыгы белгилендиПутин "Буревестник" канаттуу ракетасы кезектеги сыноодон өткөнүн айттыМушкер Биволдун мурдагы жубайына иш козголуп, издөө жарыяландыТрамп Украинада тынчтык орнотуу келишими ишке аша турган болсо гана Путин менен жолугарын айттыИрландиянын президенти болуп солчул көз караштагы аял шайландыКыргызстандагы автомектептерди текшерүүдөн кийин 1328 мыйзам бузуу аныкталдыОрусиянын Киевге соккусунан үч киши каза болду