Кыргызстанда 10 ишкана ак ниет ишкерлердин реестрине кирди

Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 10 ишкана ак ниет ишкерлердин реестрине киргизилди. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, тизмеге “Маткасымов”, “ДиДжи”, “Грант Торнтон”, “БАРБОЛ”, “АЙБИЭС МА”, “Компания Медовая Артель”, “Куликовский”, “Мэри Клуб”, “Умай Групп” жана “Сокс Мастер” компаниялары кирди.

Реестрдеги ишкерлер мамлекеттик телеканалдардан медиа жарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат, салык жана бажы кызматтарын кезексиз колдонот, Кыргызстандагы эл аралык көргөзмө, жарманке, форумдарга акысыз катышат.

Андан тышкары салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, реестрге киргизилген учурдан тартып мамлекеттик мекемелердин текшерүүсүнөн үч жылга бошотулат. Мамлекеттик насыялоо программалары менен жеңилдетилген каржы алса болот.

Бул тизмеге кошула турган ишканаларды Экономика жана коммерция министрлигинде түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия аныктайт. (BTo)

Дагы караңыз

Мунарбек Сайпидиновдун иши тергелип бүтүп, сотко өттүБУУнун комиссиясы: Орус аскерлери Украинада согуш кылмыштарын жасоодоМамлекеттик дума армияга жыл бою чакыруу мыйзамын кабыл алдыБШК Атазов менен Нурбаевди депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарттыИндияда "Монта" циклону күчөгөнү элди көчүрүү иши ыкчамдады Жапонияда алгачкы ирет аял премьер-министр келери күтүлүүдө