АКШда жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Индиана штатында жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болуп, дагы бири ооруканага жаткырылды. Анын абалы оор экени айтылууда.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалыматты ырастап, кырсык болгон күндөн тартып Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маркумдардын жана жаракат алган кыргыз жаранынын жакындары менен байланышта экенин билдирди.

Министрлик ушул тапта АКШнын тиешелүү мамлекеттик органдары менен кырсыктын себептерин аныктоо иштери жана маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү аракети көрөлүп жатканын кошумчалады.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, кыргызстандыктар бараткан автоунаа түркүкту сүзүп, күйүп кеткен. Бир адам ошол эле жерде каза болуп, эки киши ооруканага жеткирилген жана дагы бир кыргызстандык бейтапканада жан берген. Маркумдардын биринин сөөгүн АКШда жерге берүү маселеси каралып жатканы айтылууда. (BTo)

Дагы караңыз

Парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылмай болдуИзраил аскерлери аткылоого кабылгандыктан Газага абадан сокку урганын билдирдиАмерикалык чалгын кызматы: Путин Украина менен компромисске даяр эмесБШК талапкер болуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктап баратканын эскерттиГрузия: Бийликтеги партия оппозициялык үч ири партияны мыйзамсыз деп таанууга аракеттенүүдөCPJ уюму Temirov Live жана "Клоопту" экстремисттик деп тапкан чечимди сынга алдыКыргызстанда 10 ишкана ак ниет ишкерлердин реестрине кирди