АКШ жана Кытай лидерлери кызматташтыкты кеңейтүү ниетин билдиришти

Дональд Трамп жана Си Цзинпин.

АКШ президенти Дональд Трамп жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин эки өлкө ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюп, ортодогу кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенишет. Бул тууралуу алар 30-октябрда Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн жолугушууда билдиришти.

Трамп Сини "көптөн берки дос" жана "улуу өлкөнүн улуу лидери" деп атап:

"Ортобузда айрым дискуссия болот. Көп нерсе боюнча макулдук бар деп ойлойм", - деди.

Си "Кытай менен АКШ өнөктөш жана дос болушу керек" экенин белгилеп:

"Дүйнөдөгү эки ири экономика ортосунда кээде ар башка пикир болуп турганы нормалдуу көрүнүш", - деп кошумчалады.

Эки лидердин жолугушуу алдында айткан бул билдирүүлөрүнөн тышкары журналисттерге суроо узатууга мүмкүнчүлүк берилген жок, сүйлөшүүлөр андан ары жабык уланды.

Кытайдын лидери менен жолугар алдында АКШ президенти өзүнүн TruthSocial социалдык түйүнүнө Пентагонго өзөктүк курал сыноо боюнча иш баштоо тапшырганын жазган жана Кытай тууралуу да айткан:

"Башка өлкөлөр сыноо программаларын жүргүзүп жатат, мен Коргоо министрлигине өзөктүк куралды паритеттик негизде сынай баштоону тапшырдым. Бул процесс дароо башталат".

Трамп учурда АКШда "башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк өзөктүк курал бар" экенин белгилеп, "Орусия экинчи. Кытай үчүнчү, бирок ал беш жыл ичинде бизге жетет" деп кошумчалаган. (RK)

Дагы караңыз

Израил аскерлери аткылоого кабылгандыктан Газага абадан сокку урганын билдирдиБУУ жана ондогон уюм Бразилияны жүздөн ашуун өмүр кыйылган рейд үчүн айыптадыТашиев Көлбаев менен Матраимов убагында президенттин эскертүүсүн эске албаганын кайталадыБеларус менен Литванын чек арасы дагы бир ай жабык болот