Трамп менен Цзинпин тарифтерди азайтууну, Украина боюнча "чогуу иштешүүнү" макулдашты

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзинпин Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы Кимхэ эл аралык аэропортунда жолукту, 30-октябрь, 2025-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзинпин Түштүк Кореядагы жолугушууда Украинадагы согушту токтотуу үчүн чогуу иштешүү, соода тарифтерин төмөндөтүү тууралуу макулдашты. Бул "соода согушунун" фонунда Вашингтон - Бээжин ортосундагы мамилени жакшыртууга пайдубал болуп бериши мүмкүн.

Эки лидер Трамп экинчи мөөнөткө шайлангандан бери биринчи жолу жолугушту. Алардын 2019-жылдан берки алгачкы бетме-бет сүйлөшүүсү пландалган убакыттан ашып, бир саат 40 мүнөткө созулду.

Вашингтонго кайтып жатып учактын бортунда кабарчылардын суроолоруна жооп берген Дональд Трамп "маанилүү маселелер”, анын ичинде соода, тарифтер жана сейрек минералдар жаатында макулдашууларга жетишилгенин айтты.

"Менимче, мыкты кездешүү болду. Си даңазалуу, өтө кубаттуу өлкөнүн – Кытайдын улуу лидери. Биз абдан маанилүү чечимдерди кабыл алдык деп ойлойм. Көп чечимдер кабыл алынды. Чечиле турган дагы бир аз маселелер калды".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Трамп менен Цзинпин эмнени сүйлөштү?

Трамптын айтымында, Кошмо Штаттар кытайлык товарларга салынган тарифтерди 10% төмөндөтөт, бул үчүн Кытай фентанил маңзатынын компоненттеринин АКШга экспортун токтотуу чараларын көрөт жана америкалык соя буурчагын "көп көлөмдө" сатып алууну жандантат. Соянын импорту америкалык тарифтердин көтөрүлүшүнө жооп катары токтогон.

Трамп Кытай сейрек минералдардын 17 түрүнө киргизилген чектөөнү алып саларын кошумчалады. Ал элементтерди машина, учак жана курал жасоодо колдонушат.

АКШнын соода өкүлү Жеймисон Грир Бээжин ал металлдарды сатуунун үстүнөн көзөмөлдү кеңейтүү планынан баш тартканын билдирди.

Мындан тышкары Трамп тараптар Орусиянын Украинага каршы согушун талкуулашканын, урушту токтотуу багытында чогуу иштешүүнү макулдашканын кошумчалады.

“Си Цзинпин бул багытта көбүрөөк аракет көрсө болот. Ал Орусиядан көптөн бери мунай сатып алып жүрөт... Бирок биз мунай маселесин кеп кылган жокпуз. Согушту жөнгө салуу үчүн биргелешип аракеттенүүнү талкууладык”, - деди Трамп.

Дагы караңыз Сейрек минералдар. Кытайдын чектөөсү АКШны эмнеге чочулатты?



Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай, Си Цзинпин сүйлөшүүлөрдөн кийин лидерлер маанилүү соода маселелери боюнча мунасага келгенин жана эки өлкөнүн экономикаларын “канааттандырган” жыйынтыкка умтуларын билдирди.

“Кытай жана АКШ эки өлкө жана бүтүндөй дүйнө үчүн өтө маанилүү, пайдалуу маселелердин үстүнөн чогуу иштеп, ири державаларга мүнөздүү жоопкерчиликти биргелешип көрсөтө алышат”, - деп айтты Кытайдын төрагасы.

Пусандагы Кимхэ эл аралык аэропортунда өткөн кездешүү кеңири диалогдун пайдубалын түзгөндөй. Трамп эмки жылдын апрелинде Кытайга барууну пландап жатканын, алдын ала соода келишимине алдыңкы айларда кол коюларын айтты.

Трамптын сапары тууралуу маалыматты Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Го Цзякун ырастады. Кездешүүдө Кытайдын төрагасы Си Цзинипн эки өлкөнүн соода боюнча делегациялары маанилүү соода-экономиклык маселелерге байланыштуу ой-пикирлери менен алмашканын жана аларды чечүү үчүн мунасага келгенин белгиледи. Эки делегация тең консенсусту ишке ашырып, андан кийинки аракеттерди тездетүүгө тийиш.

Дагы караңыз Трамптын жаңы тарифтери Кытай электромобилдерине Борбор Азияга жол ачтыбы?

“Эркин Европа/Азаттык" радиосунун талдоочулары кеңири алкактагы макулдашууга жетишүү ыктымалдыгы чектелүү экенин белгилешет. Ошол эле маалда тараптардын ортосундагы мамиленин жакшырышы ага өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Жолугушуунун адында америалык президент Пентагондун башчысына ядролук сыноолорго 33 жыл мурун киргизиген ыктыярдуу мораторийди алуу буйругун берген. Ал социалдык тармакка АКШнын башка өлкөлөргө караганда өзөктүк куралы алда канча көп деп, Орусия экинчиде экенин, үчүнчү орундагы Кытай артта калганын жазган.

Бул жолку сүйлөшүүлөрдө Тайван маселеси, Кытайдын орус мунайын сатып алып жатканы талкууланган жок.

Украина жана өнөктөштөр Бээжинге бул жаатта кысым көрсөтүүгө үндөп келишти. Бир жума мурун Вашингтон орусиялык эки ири мунай компанияларына санкция салган. Кытай орус мунайынын ири импорттоочусу жана согуштун фонунда Москванын ири өнөктөшү бойдон калууда.