Президент Жапаровдун кичүү уулу жаңы түзүлгөн банктын негиздөөчүлөрүнүн бири болду

Оңдон экинчи адам Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев.

Президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов Кыргызстанда жаңы түзүлгөн “Берекет банкынын” негиздөөчүлөрү болду.

Улуттук банк 10-октябрда “Берекет банк” жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берген чечим кабыл алган. Банк 20-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрү катары президенттин уулу менен экс-спикер көрсөтүлгөн. Жетекчиси болуп Жаркынбек Сагындыков жазылган.

Президенттин администрациясы “Берекет банк” жана ага мамлекет башчынын уулунун байланышы боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда 20дан ашык коммерциялык банк бар. (BTo)

Дагы караңыз

Ош–Сары-Таш–Эркечтам жолундагы кырсыктан беш адам мүрт кетти"Хочу жить" Украинада каза тапкан өзбекстандык 481 кишинин ысымын жарыяладыУкраинанын Сумы облусу жапырт дрон чабуулуна кабылдыБишкек шаарына жылуулук 3-ноябрда берилетОшто Кең-Сай конушунда жаңы көмөк чордону ишке берилдиБритан падышасынын иниси Эндрю бардык титулдарынан ажыратылуудаИзраилдин учактары менен танктары Газанын чыгышына чабуул койду