"Чокан Валиханов атама окшош". Абактан чыккан активист киного тартылды

Эрлан Бекчоро Чокан Валихановдун ролунда.

Кыргызстанда 19-кылымда жашап өткөн казак тарыхчысы, этнограф Чокан Валиханов тууралуу даректүү тасма тартылды. Анын бет ачары кечээ, 21-августта Бишкекте өттү. Ага кыргыз-казак саясий жана маданий ишмерлери катышты.

“Чокан Валиханов: Тарыхтын жарык жылдызы” даректүү фильминде башкы ролду актер, жарандык активист, Кемпир-Абад иши боюнча бир жылдай абакта отурган Эрлан Бекчоро ойноду. Ал “Манас” эпосу тууралуу алгач жазып кеткен окумуштууну кантип ойногонун, кыргыз-казак алакасы, кино, абактын чыгармачылыкка тийгизген таасири тууралуу айтып берди.

- Эрлан мырза, саламатсызбы? "Азаттыктын" студиясына кош келипсиз. Бишкекте казак элинин көрүнүктүү уулу Чокан Валиханов тууралуу даректүү тасманын бет ачары болду. Сиз анда баш каарманды ойногон экенсиз. Тасмада роль жаратуу үчүн кастингге катыштыңыз беле?

- Тасманын режиссеру Нуриза Чынтемирова социалдык тармактан "Чокан Валихановго окшош киши барбы, тартат элек" деп издеп калды. Мен чыгармачылык чөйрөдөн алыстап кеткем да. Бирок киного кайра аралашсамбы деген кыялым дагы бар эле.

Эрлан Бекчоро Чокан Валихановдун ролунда.

Анан калса ыраматылык атам Чокан Валихановго түспөлдөшүп кетчү. Мен болсо атама окшошмун. "Кичине гримдеп койсоңор, бул инсанга окшошуп калышым мүмкүн" деп өзүм сунуш киргиздим. Чыгармачыл топ ич ара сүйлөшүп, мени тартуу чечимин кабыл алышкан экен. Гримдеп койгондон кийин бир чети атамды элестетип, экинчи чети Валихановго окшоштумбу деп жүрөксүнүп ойнодум. Чыгармачылыктан алыстап кеткендиктен образды ачуу оңойго турбады. Кандай ойногонубузга эми көрүүчүлөр баа берет эмеспи.

Бирок сценарий колго тийгенге чейин тарыхчы, этнолог, саясий ишмерлерден Чокан Валиханов тууралуу маалыматтарды сураштырып, атайын эмгектер менен тааныштым. Мүнөзү, билимине чейин изилдеп, ичимен даярдык көрдүм. Бул инсандын жарык жагына көбүрөөк басым кылып, элге жеткирүүгө аракет кылдым десем болот.

- Тасманын ачылышына эки өлкөнүн расмий, саясий, маданий ишмерлери катышкан турбайбы. Казакстандан келген чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү менен баарлаша алдыңызбы? Алар кандай баа беришти?

- Тасманын ачылышын казак президентинин Бишкекке сапарына ылайыкташкан экен. Президенттердин убактылары туура келбей калды көрүнөт. Бирок Мамлекеттик катчы, Казакстандын маданият министри жана биздин маданият министрибиздин орун басары ошол жерде отурушту. Кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү тасма тууралуу ой бөлүштү. Казак жаштарынан турган делегация да келген экен, алар дагы "атабызды ойнодуң" деп, тасма тууралуу жылуу пикирлерин айтышты.

- Чокан Валиханов биринчи жолу кыргыздын "Манас" эпосу тууралуу маалыматты жазып калтырганы айтылып келет. Ачылышта ошол тууралуу сөзсүз айтылса керек?

Эрлан Бекчоро Чокан Валихановдун ролунда.

- Тарыхчыларыбыз көбүнчө ошол маалыматка басым жасады десем болот. "Манас" улуттук академиясынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу да эпос болбосо, бул инсанды кыргыз эли жакшы тааныбай калат беле дегендей оюн айтты. Валиханов экспедиция учурунда эпосту кайсы манасчынын оозунан жазып алганы жөнүндө маалымат калтырбаптыр. Бирок аябай кызыгып, "Манас" эпосу - кыргыз элинин энциклопедиясы" деп айтып кеткен экен. Азыр ааламдашуу доору, өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Манасчы Рыспай Исаковдун "Тарыхтан "Манасты" издебей, тарыхты "Манастан" издегиле" деген жакшы сөзү бар. Бул жагынан алганда мен Чокан Валихановго кошулам.

- Айрым маалыматтарда Чокан Валиханов кыргыздар менен чабышта кайтыш болгон казак ханы Кенесары Касымовго уруулаш экени айтылат. Бирок ошого карабай ал кыргыздар тууралуу жаман пикир жазган эмес дешет. Дегеним, азыр интернет айдыңында кыргыз-казак жаштары тарых үчүн жаакташып отурганын көрөбүз. Ага кээде маданият өкүлдөрү да кошулуп кетет эмеспи.

- Кино, шоу-бизнес өкүлдөрү тарых тууралуу сүйлөгөндө абайласа деп ойлойм. Тарыхты тарыхчылар айтсын. Жоокерчилик доордо ар кандай окуялар да болгон. Эки улуттан тең баатырлар чыккан, ар бири өз элинин кызыкчылыгын көздөгөн дегендей.

Дагы караңыз Чокан Валиханов жана кыргыздар

Казак президенти бүгүн мисалы, "Ата Бейитке" барып, гүл коюп, Куран окуду. Ал кишинин атасы 30-жылдары Кыргызстанга келген дешет. Тарыхка таазим кылганын көрүп, ыраазы болот экенсиң. Өтмүшкө мамиле ошондой эле болгону жакшы, урмат менен караш керек. Тарыхты талашып, урушкандан пайда жок.

- Чокон Валихановдун ролун аткаргандан кийин казак режиссерлору, актерлору менен телефон алмаштыңызбы? Балким кийин да кызматташып каласыз?

- Тарткан тарап, "Манас" улуттук академиясы да сүйлөшсө керек. Ал жактан келген делегация казак тилине которобуз, Астанада ачылышы болот, чакырабыз дешкен экен. Өзүмө андай чакыруу болгон жок.

Баса, ушул жерден айта кетейин. Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрында иштеп жүргөндө Казакстанда 80-жылдары болгон Желтоксон окуясы жөнүндө Сабит Досановдун чыгармасын сахналаштырган элек.

Дагы караңыз Желтоксон окуясы: жаштар үнү, төгүлгөн кан

Мен анда Колбинди ойногом. Спектаклге Олжас Сулейманов баштаган казак интеллигенциясы келишкен. 2014-жыл болчу, Казакстанды кыдырганбыз. Биздин эмгек элге аябай жаккан. Казак туугандардын кыргыз өнөрпоздорунун чыгармачылыгын бааларын ошондо көргөм.

- Казакстандан киного чакыруу түшсө барат белеңиз?

- Бардык ролдорду аткарам деп айта албайм. Өзүмө ылайык образ, кино болсо эмнеге болбосун? Тилекке каршы, бизди мамлекет жибербейт го. "Кемпир-Абад иши" боюнча Бишкек шаардык сотунда ар бир шаршемби, жума күнү отурум болуп турат. Судьялар эмгек өргүүгө кеткенине байланыштуу гана сот убактылуу токтоп турат. 3-сентябрдан тарта кайра башталат. Райондук соттон акталдык. Бирок өлкөдөн эч кайда чыга албайбыз, чектөөлөр бар. Мамлекеттен уруксат сураш керек дегеним ошондон улам.

- Сиз "Кемпир-Абад иши" боюнча абакта бир жылдан ашуун жаттыңыз. Андан кийин үй камагына чыктыңыз эле. Соттук иш киного тартылууга тоскоол болгон жокпу?

- Башка өлкөдө тартыла турган кадрлар болсо, бара албай турганымды айттым. Анткени сот жүрүп жаткан, Бишкектен чыга алмак эмесмин. Санкт-Петербургга барып тартып калышабы деп ойлогом. Эгер ошондой болсо, мамлекеттен уруксат алгыла деп эскерткем. Сот отуруму өтө турган күнү съемкага чакырып калышпаса экен деп санааркадым. Жалпысынан тасмага тартылуума тоскоолдуктар болгон жок.

Дагы караңыз Кыргыз-казак алакасы: Валиханов, Аэузов, Айтматовдун мурасы уланат

- Өткөндө YouTube платформасынан бир кино көрүп калдым. Башкы ролду сиз жараткан экенсиз.

- Бала кезимен чыгармачыл адам болууну самачумун. Актер, журналист, диктор болгум келчү. Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин театр жана кино факультетинде беш жыл билим алгам. "Учур", Чүй театрларында актер болдум. УТРКда студияда үн коштоочу болуп иштедим. Студент кезимде өзүм окуган университетте бирөөнүн дипломдук ишине тартылгам. Кинонун аталышы "Интервью" эле, аны социалдык тармакка "Жезкемпир" деп таратышкан экен. Айыл ичинде ушундай атка конгон жалгыз бой аял жөнүндө тасма болчу. "Курманжан датка" фильмин тарткан топко да жардам берип жүргөм. Журналистикага өткөндөн кийин кино, театр өзүнөн өзү калып кеткен эле.

- Кийин саясатка кеттим деңиз?

- "Марал" радиосунда төрт жыл иштегем. Режиссер, алып баруучу, диджей да болдум. Жаңылык да жаза койчумун. Анан бук боло баштадым. Сыртка чыгып, оюмду айтып, жазгым келе баштады. Ал кезде жетекчибиз Руслан Акматбек эле, кетүү чечимимди туура кабыл алып, иштен бошоткон. Андан кийин саясий партиялардын маалыматтык бөлүмдөрүн жетектедим. Саясатка кызыгып, талапкер да болдум. Акыры Кемпир-Абад иши боюнча камалдым да.

- Саясаттын жолу татаал, таштак дешет. Ошол абакта отурган күндөрүңүздү балким кийин кинодон көрүп калабыз?

- Ал боюнча абакта отурганда пьеса жазгам. Кийин моноспектакль да койгонбуз. Саясий темаларын алып салып, күйөөсү камалган аялдын кыйынчылыгын, кусалыгын сахналаштырдык. Коомчулукка жар салбай, чакан аудитория үчүн койгон элек. Балким кийин дагы коебуз. Бул өзүм, биздин үй-бүлө үчүн да тарых болуп калабы деп ойлойм.

Дагы караңыз "Эрлан камалганда күндөлүк жаздым". Эркти сынаган “Кемпир-Абад иши”

- Кыргызстанда деле кинолор тартылып жатпайбы? Кокус сизге жемкор чиновниктин же маньяктын ролун сунуштаса, макул болот белеңиз?

- Мен аны жөн эле кейипкер катары көрөм. Өзүмдү ар тарапта сынап көргөндөн качпайм. Абактан чыккандан кийин көп нерсеге көзүм ачылды. Бир чети ал сыноого деле ыраазымын. Албетте, мен үчүн үй-бүлөм жабыркады. Кийин "туура эмес кылдымбы?" деп өзүмдү жеп жүргөн күндөр болду. Балам бирге толо электе камалгам. Чыккандан кийин экөөбүз кайра тааныштык. Эми гана чочулабай калды. Ошолорду көргөндө жүрөгүң ооруйт экен. Бирок абакты "саясий мектеп" деп тергеп коюшат го. Мен ошол нерсени көрдүм да. Эгер кино тармагында копол образдар болсо, өзүмдү сынап көрүү үчүн аракет кылмакмын.

- Негизи кимдин образын ачкыңыз келет?

- Олжобай Шакир абакта жатканда күндөлүк жазып жүрбөдүбү. Мен да ошондой күндөлүк жазгам. Блокнотум түрмө жыттанып, балкондогу баштыкта турат. Чынында эле жыты бар. Келинчегим кээде "сыртта эле турсунчу, абактын жыты келет" деп тамашалап калат. Ал жерде баары жазылган. Мен ошону моно спектакль кылып ойногум келет. Бир жылда айыбы жок отургандарды көрдүк. Кылмышка барса да "акмын" деп жанын жегендер отурчу, зордуктоо менен түшкөндөр бар эле, кыскасы, түркүн тагдырларга күбө болгонбуз. Ошонун баарын монолог кылып аткарсамбы деп ойлоп жүрөм. Ага эми каражат, команда керек дегендей...

Дагы караңыз Абак күндөлүгү: Чыгармачыл чөйрө жалтак эмес, сергек болсо...

- Кино тууралуу сөз кылып калдык, азыр көп тасмалар тартылып жатпайбы. Аларга кандай баа бересиз?

- Башында комедия тартып жүрүштү. Эми жин-шайтандарга, аларды кубалаган молдолорго өтүштү. Бирок мен искусство аркылуу динди пропаганда кылууну колдобойм. Деги эле ар кандай тирукмуштуу тасмаларды көрүүгө биздин аудитория даяр эмес деп ойлойм. Кечээ Бишкектен бирөө энесин өлтүрүүгө шек саналып кармалганы дуу болду. Эртең аны бирөө тартам деп чыгышы мүмкүн. Андай кинолорду ак-караны ажырата алган, сынчыл ой жүгүртө алган коомдордо тартса, эл кино катары гана кабыл алып, кесепети болбойт. Бизде аны түз кабыл алгандар чыгышы мүмкүн.

Ошол эле маалда тарыхый тасмалар даярдык, изденүү менен тартылышын каалайт элем. Азыр мына Украинада согуш болуп жатат. Ушундай маалдан пайдаланып, тарыхыбыздагы тактарды тасма аркылуу ачык айтып алсак жакшы болот беле...