Супермоделден FIFA президентине чейин
Тогуз жыл мурун бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин “Өзбекстан дүйнөгө ачылууда” деген сөзү акыркы жылдары ураанга айлангандай, ал турган популярдуу да болуп кетти. Борбор Азиядагы калкы эң көп бул өлкөгө Батыштан атактуулар барган учурлар көбөйдү.
Талдоочулардын баамында Ташкент бул визиттерди пиар максатында колдонууга көндү.
Сентябрда Ташкентке Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти ААкелди. Ал социалдык тармактагы баракчасында Өзбекстанды мактап, өлкөдөгү футбол реформасын жана жетишкендиктерди жогору баалады. 8-сентябрда президент Шавкат Мирзиёев Инфантинону кабыл алып, “Дустлик” (Достук) орденин тапшырды.
Август айында америкалык ырчы жана актриса Женнифер Лопестин Ташкенттеги концерти жергиликтүү медиада чоң маданий окуя катары чагылдырылды. Ага салттуу өзбек чапаны жана анын портрети түшүрүлгөн кооз табак белекке берилди.
Дагы караңыз Женнифер Лопеске миллиондорду карматкан Борбор Азия2024-жылы SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын апасы Мэй Маск Өзбекстанга келип, Central Asian Expo көргөзмө борборунда сөз сүйлөгөн.
Ошол эле жылдын май айында келген белгилүү британ фотографы Питер Сандерс ислам мурасына арналган долбоорлорго катышты.
Telegram платформасынын негиздөөчүсү Павел Дуров да Өзбекстанда болуп, өлкөнүн модернизация процессин жогору баалап кетти.
Британ супермодели Наоми Кэмпбелл “Креативдүү экономика – 2024” конференциясына катышып, Өзбекстанды мактады.
Быйыл италиялык тенор Андреа Бочелли Самарканддагы Регистан аянтында Өзбекстандын көз карандысыздык күнүнө арналган концертте ырдады. Бул иш-чаранын ардактуу конокторунун катарында президент Мирзиёевдин кыздары болушту.
2024-жылдын май айында Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Өзбекстанга келип, социалдык тармактарда аны президенттин эки күйөө баласы коштоп жүргөн видеолор тараган. Бул Мирзиёевдин туугандарынын Түндүк Кавказдагы талаштуу жетекчи менен жеке байланышы тууралуу суроолорду жараткан.
Президенттин дагы бир кызы Шахноза Мирзиёева (оңдон биринчи) Бочеллинин концертинде. Самарканд, 1-сентябрь, 2025-жыл.
Саиданын биенналеси Гүлнаранын шоуларына альтернативабы?
Өзбекстанда чет элдик атактууларды чакырып, аларды коштоп жүрүү салтын убагында мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова баштаган.
Googosha деген сахна ысымы менен таанылган Гүлнара Өзбекстанга француз актёру Жерар Депардьени, британ музыканты Стингди, италиялык ырчы Эрос Рамазоттини алып келген.
Каримова кылмыштуу топ түзүү, акча кымырып алуу жана коркутуп акча талап кылуу айыптары менен түрмөдө отурган. Бирок анын баштаган салтын азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин бала-чакасы улантууда.
2024-жылдын сентябрында Бухарада өткөн Заманбап жана прикладдык искусствонун биенналеси расмий медиада тарыхый шаардын маданий мурасын даңазалоо эмес, президенттик администрациянын башчысы, мамлекет башчынын тун кызы Саида Мирзиёеванын демилгеси катары чагылдырылды.
Кеңсеси Францияда жайгашкан “Борбор Азиядагы адам укуктары” бирикмесинин жетекчиси Надежда Атаева муну “расмий иш-чараларды жеке пиар жана үй-бүлөлүк таасирди бекемдөө куралына айлантуу” деп сыпаттайт.
Надежда Атаева
“Президент Мирзиёев кыздарына, күйөө балдарына жана башка туугандарына мамлекеттик ресурстарды жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга уруксат берүүдө. Бул демократиялык стандарттарга туура келбейт жана коомдун, ошондой эле эл аралык коомчулуктун ишенимин солгундатат. Демократиялык өлкөлөрдө бюджеттен каржыланган иш-чараларды уюштуруу президенттин үй-бүлөсүнүн эмес, мамлекеттик органдардын милдети. Биенналени Саида Мирзиёеванын демилгеси катары көрсөтүү, ал эми Маданият министрлигинин ролу техникалык кызмат деңгээлине түшүп калганы буга анык бир мисал. Саида былтыр Өзбекстандын Париждин атактуу Лувр музейинде уюштурган көргөзмөсүндө да ушундай позицияда болгон. Мамлекеттик институттар менен бюджеттик каражаттарды президенттин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына колдонуу - ачыктык, теңдик жана коомго отчет берүү принциптерине каршы келет”, - дейт Атаева.
Ошондой эле ал атактуулардын визиттерине же концерттерге бюджеттенби же демөөрчүлөрдүн эсебиненби, канча каражат кеткендиги тууралуу так маалымат берилбей келатканын да сындады.
Бирок Лопестин концертинен 42,5 миллиард сум салык түшкөнү расмий түрдө жарыяланган. Бул иш-чараны мамлекет эмес, жеке ишкерлер уюштурган.
Президенттин кичи күйөө баласы Отабек Умаров жана Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров. Ташкент, 2024-жыл.
“Озодлик” радиосунун өзбек кызматына Президенттик администрациядагы булак билдиргендей, өкмөт 2018-жылы чет элдик таасирдүү адамдарды чакыруу жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү боюнча узак мөөнөттүү пландарды түзгөн.
Бул демилгелер Саида Мирзиёева таандык экени айтылат.
Маалыматтарга караганда, инвестор катары келген жогорку даражалуу коноктордун визиттери же башка иш-чаралар ар кандай министрликтер же мекемелер тарабынан каржыланат. Бирок бул маалыматты ырастаган расмий документтер “Азаттыкта” жок.
Мирзиёева быйыл жайында өзүнүн ишмердиги тууралуу жарыялаган бир катар кыска даректүү тасмаларда “Өзбекстандын өнүгүшү үчүн атасына жардам берүү анын негизги миссиясы” экенин белгилеген.
“Бюджеттик каражаттар салык төлөөчүлөрдүн эсебинен түзүлөт. Ошондуктан жарандар алар кандай колдонулуп жатканын билүүгө укуктуу. Финансылык отчетторду жарыялоо - коомдун ишенимин камсыздоо жолу гана эмес, коррупция жана каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиктерин алдын алат. Ачыктык жана отчеттуулук жөн гана формалдуулук эмес, бул мамлекеттин элге маалымат жеткирип, башкарууга катышуу укугун камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелеринин бир бөлүгү", - дейт укук коргоочу Атаева.
Гүлнара Каримова түркиялык атактуу актер Халит Эргенж менен. 2012-жыл.
Саясатчылардын сапарлары
Өзбекстанга маданият жана спорт жылдыздары менен катар чет элдик саясатчылар да көп келе баштады. Айрым талдоочулар атактуулардын визитине кеткен чыгымдарды сынга алса, башкалар саясатчылардын сапары өлкөнүн кадыр-баркын көтөрөт деп эсептешет. Тагыраак айтканда, мындай визиттер өлкөнүн ачыктыгын, тышкы саясатта диалогго даярдыгын көрсөтөт, экономикалык кызматташтыкты жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Ошондой эле стратегиялык тармактарда кызматташуу багыттары аныкталып, аймактык коопсуздук жана соода байланыштары бекемделиши мүмкүн.
Президент Шавкат Мирзиёев жана Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен. Европа Биримдиги жана Борбор Азия саммити. Самарканд, 3-апрель, 2025-жыл.
28-августта Өзбекстанга АКШнын глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли келип, өкмөт менен бизнес мүмкүнчүлүктөр тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Өлкөгө акыркы жылдары Евробиримдиктин бир катар жогорку даражалуу өкүлдөрү, Борбор Азиянын лидерлери, Орусиянын президенти, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, ири кытай корпорацияларынын делегациялары да келишти. Самарканд шаары бир нече эл аралык жолугушуулардын борбору болду.
Кыргызстандык юрист жана талдоочу Эржан Кайыпов мындай дейт:
Эржан Кайыпов
“Ар бир президент өз мөөнөтүн жетишкендиктер жана жаңылыктар менен белгилөөгө аракет кылат. Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында экономика либералдашты, ишкердик колдоого алынды, инвестициялар тартылды, тышкы саясатка жол ачылды, коңшу жана өнүккөн өлкөлөр менен мамиле бекемделди. Эң башкысы, мурдагы авторитардык жана жабык режимден айырмаланып, Өзбекстан дүйнөгө ачылды, ички саясий абал да бир аз жумшарды. Ошондуктан эл аралык коомчулук азыркы саясатка көбүрөөк түшүнүү менен мамиле кылып, азыраак сын айтат. Албетте, кемчиликтер да бар: саясий оппозициянын жоктугу жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекеттик кызматтарды ээлеши. Бирок тышкы саясатта достук мамилелерди сактоо аракеттери бул кемчиликтерди жууп кетип жаткандай”.
Өзбекче soft power?
Айрым эксперттер Өзбекстандагы бул процессти дүйнөдөгү айрым мамлекеттердин soft power (жумшак күч) саясаты менен салыштырат. Мисалы, Катар 2022-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү үчүн миллиарддаган доллар короткон, ал эми Сауд Арабиясы атактуу концерттер жана “Формула-1” жарыштары аркылуу өзүнө оң имидж түзүүгө аракет кылган.
Бирок аналитиктер белгилешкендей, бул өлкөлөр менен Өзбекстандын айырмасы чоң: Катар менен Сауд Арабиясы күчтүү экономикалык ресурстарга ээ. Ал эми экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан, эми өнүгүп келаткан Өзбекстандын атактууларга каражат коротуп, ал чыгымдар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоосу (демөөрчүлөр төлөсө да) коомчулукта суроолорду жаратат.
“Адам укуктары өлкө ичинде туруктуу сакталып турбаса, мамлекеттин эл аралык аброюн түзүү мүмкүн эмес. Өзбекстанда расмий билдирүүлөр менен чыныгы абалдын ортосунда олуттуу карама-каршылык бар”, - дейт укук коргоочу Надежда Атаева.
Ал белгилегендей, 2024-жылдын 13–14-июнунда Самаркандда өткөн адам укуктары боюнча эл аралык форумга чет элдик эксперттер, дүйнөлүк уюмдардын өкүлдөрү жана өзбек укук коргоочулары чакырылган. Бирок Атаева алардын көбү бийликке лоялдуу адамдар болгон деп болжолдойт. Ошол эле учурда көз карандысыз укук коргоочулар жана мурдагы саясий туткундар бул күндөрү атайын кызматтардын катуу көзөмөлүнө алынганын белгилейт (“Азаттык” ушундай жагдайга кабылган жарандардан өзүнөн комментарий алган эмес). Мындай көзөмөл БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Өзбекстанга болгон визити учурунда да байкалганы айтылган.
Freedom House уюму Өзбекстанды “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошот. Өлкөдө таасирдүү оппозиция жок. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча быйылкы рейтингинде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 148-орунда турат.