Ливан чатагын жөндөө боюнча кечээ Римде шашылыш өткөрүлгөн эл аралык жыйын ийгиликсиз аяктады. Анын катышуучулары эки жумадан бери жүрүп жаткан урушту токтотууга чакырышты. АКШнын Мамкатчысы Кондолиса Райс согуш биротоло токтотулуп, “буга чейинки жагдай кайталанбаш керек” экенин айтты. Жыйынга Евробиримдик, АКШ, Россия, Араб өлкөлөрүнүн болуп, 14 тышкы иштер министр, БУУнун башкатчысы Кофи Аннан, Дүйнөлүк банктын жана Евробиримдиктин өкүлдөрү катышты.