Жорж Буш 2003-жылдын сентябрында мындай дегени маалым:
-Менин администрациям тарабынан мындай маалымат жарыя кылынса, аны ким бергенин билгим келет. Эгер ал адам мыйзамды бузса, тийиштүү жазасын алат.
5-апрелде ашкере болгон сот документи президент Буштун өзү “Нью-Йорк Таймс” гезитинин кабарчысына Ирак ядролук курал жасоо үчүн “урандуу болууга аракет кылууда” деген өтө жашыруун кабарды жайылтууга уруксат бергенин ырастайт. Вице-президент Дик Чейнинин мурдакы улук жардамчысы Луис Лайбби суракта Буш уруксат бергенин Чейнин өз оозунан укканын айткан.
АКШнын мурдакы элчиси Жозеф Вильсон 2003-жылы Африкага барып келгенден кийин Саддам Хусейндин уран сатып алганын тастыктаган маалыматтарды табалбаганын, андай кабарга ишенип болбосун “Нью-Йорк Таймска” жазган.
Жалган чалгындоо маалыматы Жозеф Вильсондун алдагы сөзүн калпка чыгаруу үчүн колдонулган.
Ал мезгилде Вильсондун аялы АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин кызматкери экени жөнүндөгү маалымат да ачыкка чыгып кеткен.
Сот азыр бул кабарды Ак Үй дипломатты жазалоо үчүн атайылап жарыя кылып-кылбаганын тергеп, Луис Лайбби да ал иш боюнча сурак берген.
Сот документиндеги маалымат ачыкка чыгаар замат, демократтар атайын АКШ жетекчилеринен түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Бейшемби күнү мындай талапты Нью-Йорктук демократ-сенатор Чарльз Шумер жасады:
-Бери дегенде, президент Буш жана вице-президент Чейни Америка элине жашыруун маалыматты жарыя кылуудагы ролун түшүндүрүп беришсин. Алар мындай жасоого болот дешсе, кандай шартта андай кадамга барышкан? Же бул президенттин ошол кездеги утурумдук саясый муктаждыгын канааттандыруу үчүн жасалган ишпи?
Ак Үй Луис Лайббинин сөзү боюнча ырасмий билдирүү жасай элек.Бирок, президенттин басма сөз өкүлү Скот МакКлеллан жума күнкү билдирүүсүндө Лайббинин иши аягына чыкканча эч кандай комментарий жасалбасын айтты. Ал президентте жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруу укугу бар экенин белгилеп, Буш эч качан улуттун коопсуздугуна зыян келтирчү иш жасабаганын маалымдады.
Талдоочулар ноябрдагы парламенттик шайлоодо демократтар эки палатанын биринде көпчүлүк орунга ээ болушса, бул ишти дагы козгот деп боолгошот.
Ал эми коомчулукта жашыруун маалыматты жарыялоо менен, президент мыйзамды бузбадыбы деген кеп-сөздөр айтылууда. Вашингтондогу Жорж Вашингтон университетинин профессору Питер Равен-Хансендин пикиринче, ачыкка чыккан маалымат чындап эле өтө жашыруун болгонун эксперттер гана аныктай алышат:
-Эгерде жашыруун маалыматты кээ-кээде ачыкка чыгаруу президенттин амиринде болсо, ал аны чырак сыңыры бирде өчүрүп, бирде күйгүзүп тура берет да, катардагы жарандар кайсы бир кабарды укканда, ал өтө жашыруун маалымтпы же жокпу, анысын ажырата албайт. Ошон үчүн, президент чыракты каалаганда өчүрүп, каалаганда күйгүзүшү ыктымал. Бирок, бул жашыруун маалыматтын кандай жол менен ачыкка чыкканын билбей туруп, аны мыйзамсыз болду деп айтуу чоң жоопкерчиликти талап кылат.