Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү кайрадан узартылды. Шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты. Эмне үчүн чектөө кайра жаңыртылып жатат? Шайлоо өнөктүгү алдында мунун таасири кандай болот?
Караколдо классташ кызына кол көтөргөн окуучунун окуясы боюнча териштирүү башталды. Баланын мүмкүнчүлүгү чектелүү экени да айтылып, дарыгерлер расмий тастыктады. Бирок Каракол шаарынын мэриясынын маалымдашынча, бала медициналык каттоодо турган эмес.
Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн соң президент Садыр Жапаров Баш мыйзамга өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү.
Чек ара такталганда Тажикстандан кыргыз тарапка берилчү 190дон ашык турак үйдүн 45и өткөрүлүп, тажик тарапка Көк-Терек айылындагы 17 үйдү өткөрүү жараяны башталганын райондук бийлик ырастады. Учурда эки тараптын жумушчу тобу алмашыла турган объектилерди тактап, каттоого алып жатат.
Бишкектеги №1 тергөө абагындагы “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов ачкачылык жарыялаганын билдирди. Мунун алдында ишкер абактагы шартка, басым-кысым жана мазактоо тууралуу даттанган жана тиешелүү органдарга ачык кат жолдогон.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздын сөөгү табылып, кылмышка шектүү 41 жаштагы жаран кармалды. Анын мурда да кыз зордуктоого байланыштуу кылмышы бар экени, бирок убагында тийиштүү жаза албай калганы маалым болду.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын спикери Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин өзү өзү таркатуу чечими президент Садыр Жапаров менен кеңешкенден кийин кабыл алынганын билдирди. Ошол эле маалда жогору жактан көрсөтмө болбогонун белгиледи.
Молдовада 28-сентябрда өткөн парламенттик шайлоо өттү деп жарыяланды. Бюллетендердин басымдуу бөлүгү эсептелгенден кийин президент Майя Сандунун Европаны жактаган "Аракет жана тилектештик" (PAS) партиясы алдыга озду. Анын партиясы добуштардын 50% ашыгын алды.
Даниянын аба мейкиндигин дрондордун кайра бузуп киришине байланыштуу НАТО Балтика деңизинде зениттик фрегат жана кошумча чалгын жабдыктарын жиберди.
Бүгүн биз “Сыябан” берүүсүндө кыргыз адабиятынын абалы, котормочулук өнөрү жөнүндө маектешүүнү чечтик.
Дагы жүктөңүз