Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:47

ЖАКЫҢКЫ ЧЫГЫШ: КОНДИЛИЗА РАЙС ИЗРАИЛДИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ


Шейшембиде Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Израилдин лидерлери менен Жакыңкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалды талкуулады. Райс Вашингтон ок атышууну дароо токтотууну эмес, региондогу олуттуу өзгөрүүлөрдү жактай турганын дагы бир ирет кайталады. Бүгүн мамлекеттик катчы палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен да жолугушмакчы.

Райс жана Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт Ливандын түштүгү Хезболланын көзөмөлүндө кала берген шартта ок атышууну токтотуу идеясына кошулбай турушканын бир добуштан кайталашты.

Токтооосуз ок атышууну колдобогону менен, Вашингтон уруштан жапа чегип жаткан ливандыктарга 30 миллион долларлык жардам бөлүү жөнүндө жар салды. Бүгүн АКШнын аскерий учактары жардамды Бейрутка жеткире башташты.

Олмерт дагы азыркы турумунан кайтпай турганын ырастап, азыркы жаңжалды Хезболланын согушкерлери башташканын, алар Израилдин түндүк аймактарына ракета атууларын улантып жатышканын белгилей кетти:

-Израиль Хезболлага каршы күрөшүн уланта берет. Биз аларды токтотобуз, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнү максат кылып, миңдеген ракета аткандарга каршы эң катуу чараларды көрүүгө даярбыз. Биз муну унчукпай карап отура бербейбиз.

Премьердин бул сөздөрүнөн көп узабай, Хайфа портунда Хезболланын ракеталарынан кеминде 25 киши жарадар болду деген кабар келди.

Жөөт кабинет башчысы карапайым тургундардын арасындагы жоготууларга карабай, Израиль Ливандын элине, өкмөтүнө жардам берүүнү көздөп жатканын ырастады.

Бирок анын “Биз Ливан элине, өкмөтүнө каршы согушкан жокпуз” деген сөздөрү катардагы ливандыктарды ынандырабы?

Израильдин операциясы башталгандан бери Ливанда 400дөн ашуун адам ажал тапты. Миңдеген ливандыктар үйлөрүн таштап, башка жерлерде баш пааналоого мажбур болушту.Өлкөнүн инфраструктурасы – жолдор, көпүрөлөр, электростанциялар жөөт учактарынын бомбалоолорунан катуу жабыркады.

Күн сайын Ливандын түштүгүндө Израилдин соккуларынан кеминде бир үй-бүлөө, анын ичинде жаш балдар набыт болду деген маалымат келет.

19-июлда Хьюман Райтс уоч уюму Ливандын Билда кыштагына болгон сокку учурунда жөөт армиясы чачыратма бомба колдонгонун сындады. Израилдин аскерий өкүлдөрү болсо куралдын андай түрүн пайдаланууга эларалык мыйзамдар жол берет деп ырасташууда.

Дүшйөмбүдө БУУнун гуманитардык жардам боюнча координатору Ян Эгеланд дүйнө мамлекеттерин Ливанга каражат жиберүүгө үндөдү:

-3 айга 150 миллион доллар талап кылынат. Анын 10 миллиондойу Ливандан Сирияга агылган качкындарга жумшалмакчы.

Бүгүн кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Рамаллада Палестин атвономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас менен жолугушмакчы.
Эртең болсо Райс Ливан кризисине арналган эларалык чукул конференцияга катышауу үчүн Римге барат.

XS
SM
MD
LG