-Ок атышуунун добушу угулуп, америкалык элчилик жайгашкан тараптан түтүн чыгып жатты. Биз элчиликке жакын эле жердебиз, бирок эмне болуп атканын көрө алган жокпуз. Жарылуулардын, аткылашуунун үнүн уктук, - деп айтып берди күбөлөрдүн бири “Азаттыктын” кабарчысына.
Сириянын ички иштер министри Бассам Абдел Мажид коопсуздук органдары кол салган 3 кишини жок кылышты, бирөө жарадар болду деп ырастады.
-Бул америкалык элчиликти бутага алган террордук кол салуу болгон деп так айта алабыз. Террордук топтун аты жөнү белгисиз. Окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Жарадар болгон чабуулчу камакка алынды. Калган маалымат алууга тергөө жардамдашат.
Айрым күбөлөрдүн айтымында, чабуул койгондор машинасын түз эле элчиликтин имаратына көздөй айдап, анын кире беришиндеги сириялык кайтаруучуларга ок ачышкан.
Кыска аткылашуудан кийин, жапырык салгандар машинасын жардырып жиберишкен.
АКШнын мамлекеттик департаменти америкалык дипломаттар кол салуудан жабыркаган жок деп билдирди.
-Ушул саатка карай айта алаарым, америкалыктар арасында жабыркагандар жок шекилдүү, алар азыр коопсуздукта. Бул эң жакшы кабар.
Экинчиден, мен элчиликти коргойбуз деп курман болгондордун жакындарына көңүл айтам. Алардын арасында сыягы Сириянын коопсуздук кзыматкерлери бар болчу, - деди мамлекеттик катчы Кондолиза Райс..
Вашингтон Дамаск өз чегарасы аркылуу кошуна Иракка согушкерлердин өтүшүнө жол берүүдө деген айып тагып келатат.
Америкалык айрым расмий адамдар атүгүл Сириядагы мечиттердин кээ бирлери согушкерлерди жалдоо үчүн пайдаланылат деп ырасташууда.
Вашингтон менен Ирак Дамаск өкмөтүн чегараны жабууга, козголоңчуларга жиберилген акчалай жардамга бөгөт коюууга үндөп келатышат.
Сирия болсо айыптоолорду четке кагып, согушкерлерге эч кандай тиешеси жоктугун айтууда.
Аналитиктер Сириянын аймагы аркылуу агылган же анын өзүндө жалданып Иракта согушкан жаштар Дамаск өкмөтүнүн келечегине кооп туудурушу мүмкүн дешет.
Бүгүнкү окуя бул ойду бекемдегенсийт. Сирия чет өклөлүк инвестицияларга муктаж. Америкалык элчиликке болгон кол салуу болсо Дамаск террорчуларга баш паанек берүүдө, аны обочодо калтырыш керек деген Вашингтондун чырагына май тамызды.