Күнүнө миңдеген адам куралдын ар кандай түрүнөн каза табат. Жылына мыйзамсыз жол менен 1 миллиард долларга жакын курал-жарак жана башка аммуниция сатылат.Мындай маалымат быйыл жайында БУУнун Нью-Йоркто өткөн жыйында келтирилген.
Дүйнөнүн 92 өлкөсүндөгү дээрлик 1 миң 200 компания жыл сайын 640 миллион ок атуучу курал чыгарат. Советтер союзунун ыдырашы менен Африка, Латин Америка жана Жакыңкы Чыгышка арзан курал агылды.
Күнүнө ок жеп набыт болгон 1 миңдей кишинин 560ы кылмышкерлердин колунан, 250сү согуш талаасында каза табат, 140кы өз жанын өздөрү кыйгандар, 50 киши капысынан болгон кырсыктардан же башка себептерден өмүрү менен кош айтышат.
Курал сатуу өз кезегинде жакырчылык, ачарчылык, адам укуктарынын бузулушуна алып келет. Оксфам эларалык гуманитардык уюмунун маалыматына ылайык, быйыл аскерий чыгымдарга рекорддук көлөмдөгү каражат сарпталган.
Өзгөчө Африка континенти жабыркап келатат. Тамак-аштын тартыштыгына туш болгон өклөлөрдүн 61 процентинде жарандык согуш тынчый элек. Ооганстанда 2 жарым миллиондой киши тое тамактанбайт, гуманитардык иштерге болсо куралдуу жаңжал жолтоо болууда.
Ошол эле маалда эң кедей өлкөлөр аскерий максаттарга барган сайын көп каражат жумшат жатышат. Маселен, Бангладеш, Непал, Пакистан
2002-2003-жылдардын аралыгында саламаттыкты сактоого караганда аскерий тармакка көбүрөөк акча сарптаган.
Куралдын жөнөкөй түрлөрүнөн тышкары, дүйнөдөгү 7 мамлекет ядролук сынак өткөргөн. Алардын катарына жакында Түндүк Корея дагы кошулду өңдөнөт.
Эң биринчи өзөктүк сыноо 1945-жылы АКШ тарабынан жүргүзүлгөн. 4 жылдан кийин СССР ошондой эле сынак өткөрүп, кийинчирээк ядролук державалардын клубуна Улуу Британия, Франция, Кытай, Индия жана Пакистан кошулду.
Израиль атомдук куралга ээ экенин танып келатканы менен, эларалык коомчулукта андай шектенүүлөр жок эмес. Түштүк Африка апартеиддин тушунда ядролук курал чыгарган, бирок кийинчирээк 1993-94-жылдары андан баш тартты.