Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:25

РОССИЯ «ЕВРОПАДАГЫ ЖӨНӨКӨЙ КУРАЛДУУ КҮЧТӨР» ЖӨНҮНДӨГҮ КЕЛИШИМГЕ КАТЫШУУСУН УБАКТЫЛУУ ТОКТОТТУ


Россия “Европадагы жөнөкөй куралдуу күчтөр” жөнүндөгү келишимге катышуусун убактылуу токтотту. Мындай буйрукка президент Владимир Путин бүгүн кол койду жана ал дароо күчүнө кирди.

Кремль бул кадам “Орус Федерациясынын коопсуздугуна шек келтирген чукул шарттарга байланыштуу” жасалды деп билдирди.
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Кисляк кабарчыларга маалымдагандай, бул чара НАТОнун Чыгышка карай кеңейишине жана Альянстын келишимди бузуп жаткандыгына байланыштуу көрүлдү:

- Келишидин айланасындагы азыркы жагдайды эске алганда, президенттин чечими логикага сыйган, жүйөлүү кадам болду. Келишим эскирип калды. 1990-жылы кол коюлган документ НАТО менен Варшава келишимине кирген саясий-аскерий блоктор ортосундагы мамилелерди жөндөйт. Азыр СССР, Варшава келишими да жок, НАТО болсо документте каралган чектерден чыгып, кеңейүүдө. Ал Альянска мүчө кээ бир мамлекеттеди таптакыр камтыбайт. Андыктан, келимшге катышуудан убактылуу чыгуу чечими Россиянын коопсзудугуна байланыштуу кабыл аланды.

Апрель айында Путин Россия келишимден чыгышы мүмкүн деп эскерткен эле. Аталган документке 1990-жылы Россия жана НАТОго мүчө-мамлекеттер кол коюшкан. Советтер союзу кыйрагандан кийин ага алымча-кошумчалар киргизилген. Москва өзгөртүлгөн келишимди ратификациялаган, бирок НАТО Россия Молдова жана Грузиядагы аскерлерин чыгарып кетпей, келишимди бузууда деп, аны ратификациялаган эмес.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун маалымат катчысы Мартин Несирки “Азаттыктын” кабарчысына билдиргендей, Путиндин жарыясы тынчсызданууну жаратты:

- Европадагы коопсузудук жана кызматташтык уюмуна 56 өлкө кирет, көбү Жөнөкөй куралдуу күчтөр жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Андыктан уюм келишимдин айланасындагы окуяларга жакындан байкоо салып жүрөт.

НАТО Россиянын кадамын өкүнүчтүү деп баалады.
Москва менен Альянс ортосундагы мамиле жакында бир катар маселелерден улам салкындай түшкөн. Атап айтканда, АКШнын Польша менен Чех жумуритянын аймагына антиракеталык системанын элементтерин жайгаштыруу пландары Россиянын каршылыгын жаратты. Косово статусу боюнча да тараптар мунасага келе албай жатышат.

Жөнөкөй куралдуу күчтөр жөнүндөгү келишим өткөн айда НАТО-Россия кеңешинин сессиясында талкууланган. Ошондо НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер мындай деген:

- Россия менен НАТОнун жакшы мамиледен түзүүдөн башка аргасы жок. НАТО Россия өңдүү маанилүү шерикке муктаж, биз да Россияга керекпиз деп ишенем.

Келишимде ага кол койгон өлкөлөр өз аймагында канча танк, артиллерия, согуш унааларын жана учактарды жайгаштыра алаары аныкталат. Ал Европадагы коопсуздуктун негизги элементи катары бааланып келет.

XS
SM
MD
LG