Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкцияларынын 19-топтому банктарды, энергетика тармагын жана криптовалютаны камтыйт.
Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин X соцтармагындагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Еврокомиссия жакын арада жаңкы санкциялар пакетин тааныштырат. Мунай, көмүр, газдан түшкөн кирешеден туйтунган орус армиясы Украинада кан төгүп жатат.
"Буга чекит коюу үчүн Еврокомиссия орус газынан баскыч-баскычы менен баш тартууну тездетүүнү сунуштайт", – деди фон дер Ляйен.
Ал Трамп менен сүйлөшүү "жемиштүү болду" деди. Аны менен Орусияга экономикалык басымды күчөтүүдөгү биргелешкен аракеттер талкууланганын айтты.
Трамп буга чейин Батыш мамлекеттерин орус мунайын алуудан толук баш тартууга чакырган. НАТОнун бардык өлкөлөрү мунай алууну токтотуп, Кытай товарларына 100% бажы төлөмүн киргизилсе, Орусияга каршы олуттуу санкцияларды салууга даяр экенин жар салган.
CREA иликтөө борборунун маалыматына караганда, Орусиянын мунайын алармандардын сап башында Кытай (47%) менен Индия (38%) турат. Мындан тышкары Евробиримдиктеги өлкөлөр (6%) жана Түркия (6%) бар.
НАТОго мүчө мамлекеттердин арасында орус мунайын алгандардын эң ириси Түркия, ага Европадагы сатып алуулардын 26% туура келет. Трамп буга чейин орус мунайын сатып алууда деген негизде Индияга карата бажы төлөмүн көтөргөн, Кытайга карата чара колдонула элек.
Еврошаркет Орусиядан деңиз аркылуу чийки мунайдын импортуна мурдараак тыюу салган, анын баррели 47,6 доллардан ашпайт деген чек киргизген. 2025-жылдын жай мезгилине чейин орус мунайынын баррели 60 доллардан бааланып турган.
Буга чейин иштелип чыккан планга ылайык, шаркет Орусиянын мунайы менен газынан 2028-жылдын 1-январына чейин баш тартууну көздөп жаткан.
Европа Биримдиги украиналык качкындарга убактылуу жардам программасын бара-бара кыскартууну көздөөдө. Орусиянын 2022-жылдын февралындагы жапырт кол салуусунан кийин тутанган согуштан улам үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон украин жарандарына колдоо көрсөтүү программасы боюнча жаңы сунуштар алардын мекенине кайтуусун камсыздоого же Евробиримдик аймагында жашоонун башка да мыйзамдуу макамдарына өтүүгө багытталат.
"Евробиримдиктин украин эли менен тилектештиги ошол эле бойдон. Бирок украин элинин өз мекенин калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн үйүнө кайтуусуна шарт түзүлө турган күнгө даярдык көрүүсү да туура болот", - деди Даниянын чет элдиктер жана интеграция министри Кааре Дювбад Бек.
Ал Украинага кайтуу "акырындык менен жана туруктуу реинтеграцияга өзгөчө көңүл буруу аркылуу" ишке ашуусу зарыл экенин белгилеп, мисалы, качкындар адегенде үйүнө бир азга барып келсе болорун айтты.
Ошол эле учурда ЕБ Кеңеши европалык өлкөлөрдү эгер украин качкындары ошол жакта иштөөгө, окууга же үй-бүлөлүк шартына байланыштуу уруксат сураса аларга тийиштүү документ берүүгө үндөдү.
Еврошаркеттин украин качкындарына колдоо көрсөтүү боюнча 2022-жылдын март айында ачылган программасынын мөөнөтү 2027-жылдын мартында аяктайт. Анын алкагында 4 миллионго жакын украин жараны Европа аймагына барып, ошол жакта жардам алууда.
Орусиянын армиясы 17-сентябрга караган түнү Украинанын темир жол тармагына сокку урду.
Бул тууралуу "Укрзализныци" (Украин темир жолдору) компаниясынын башчысы Александр Перцовский билдирди.
Маалыматка караганда, соккулар подстанцияларга урулган.
"Каттамдардын бир бөлүгүнүн багыты өзгөрдү, азыр резервдеги 20 тепловоз ишке тартылды. Бир катар поезддерди окуя болгон жерлерге жетпей биздин диспетчерлер токтотушту", – деп жазылган компания тараткан маалыматта.
Шаарлар аралык каттамдар жокко чыгарылган. Эл аралык жана жергиликтүү көптөгөн каттамдар кармалууда.
Орусия Украинанын темир жол тармагын буга чейин да бутага алган. Августта Харьковдогу Лозовая темир жол бекетине сокку урулган.
17-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына 172 согуштук дрон, мындан тышкары «Искандер-М/KN-23» баллистикалык ракетасын жана зениттик башкарылуучу С-300 ракетасын учурганын украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Shahed дрондорунун 136сын атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, 36 дрон 13 жерге түшкөнү маалымдалды.
Вице-премьер Алексей Кулеба темир жол подстанциялары аткылоого кабылганын, жүргүнчү ташуучу ондогон поезд токтоп калганын билдирди.
"Мындай соккулардын максаты бирөө гана — жүргүнчү жана жүк ташууну кыйындатуу, транспорт системасынын туруктуу ишин үзгүлтүккө учуратуу, адамдарга жана экономикага кошумча басым көрсөтүү", — деп белгиледи Кулеба.
Соккулардын көбү өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Черкассы жана Кропивницкий облустарына туш келди.
Учкучсуз учактардын бутасына алынганын Орусия да билдирүүдө. Бул өлкөнүн Коргоо министрлигинин 17-сентябрдагы маалыматына караганда, өткөн түнү Украина анын аймагына учурган согуштук дрондордун сегизи атып түшүрүлдү.