Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Биринчи каналдын" редактору Марина Овсянникованын согушка каршы плакат менен түз эфирге чыккан жоругун “бейбаштык” деп атады.
Бул тууралуу "Медуза" агенттиги кабарлады.
Агенттиктин журналистинин "Биринчи канал" чынында эле согуш тууралуу жалган айтып жатабы" деген суроосуна Песков: "Жок, андай эмес" деп жооп берди.
"Биринчи канал бул бренд, биздин башка алдыңкы орусиялык телеканалдардай эле сапаттуу, өз убагында, өтө ыкчам жана калыс маалыматтарды берген негизги телеберүү. Ал кыздын жасаган жоругуна келсек, бул жөң эле бейбаштык. Телеканал муну өзү териштирип алат. Бул иш биздин күн тартиптеги иш эмес», - деген Песков.
"Биринчи каналдын" жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникова "Время" программасынын 14-марттагы түз эфиринде алып баруучунун артына "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле! Бул жерде калп айтып жатышат!" деген плакат менен чуркап чыккан.
Марина Овсянникова ошол замат кармалган, азыр анын кайда экени белгисиз болуп жатканы кабарланды. Журналистке өз ыктыяры менен жардам бергиси келген ар кайсы адвокаттар аны издеп, байланыша албай жатышканын билдиришүүдө.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, редактор Овсянниковага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 207-3-беренеси боюнча тергөө иштери башталды.
Бул беренеде Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн абалы жана согуш тууралуу ачык айткан адамдарга 15 жылга чейинки жаза каралган.
Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы тыныгуудан кийин 15-мартта кайрадан улантылды.
Украинанын делегациясынын мүчөсү, парламенттеги “Эл кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия сүйлөшүү онлайн өтүп жатканын айтып, башка эч кандай комментарий берген эмес. Бул тууралуу ага шилтеме берип украиналык "Правда" басылмасы жазды.
Буга чейин президент Владимир Зеленский сүйлөшүүлөрдүн ушул айлампасынан согушту токтотуу боюнча жыйынтык күтүп жатканын айткан:
"Бүгүн делегациялардын видео жолугушуусу башталды. Ал уланууда. Баары бүгүн кечинде келе турган кабарды күтүп жатышат. Кечинде сөзсүз кабарлайбыз".
Зеленскийдин улук кеңешчиси Михайло Подоляк 14-мартта "жумушчу топтор иштеп, кеңешүүсүнө кошумча убакыт берүү жана аныктамаларды тактоо" үчүн тыныгуу берилгенин билдирген.
Подоляк сүйлөшүүдө ок атышууну дароо токтотуу, орус аскерлерин өлкөдөн токтоосуз түрдө чыгарып кетүү жана коопсуздук кепилдигин алуу боюнча оор талаш-тартыштар болгонун айтты.
Буга чейинки үч жолку бетме-бет жолугушуудан кийинки видеобайланыш аркылуу өткөн сүйлөшүүлөр Орусия Украинага аба соккуларын жана жерден зениттик-артиллериялык аткылоону күчөтүп жаткан учурга туш келген.
Москванын Останкино соту "Биринчи каналдын" жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникованы нааразылык акцияларына чакырганы үчүн 30 миң рубль айыпка жыкты.
Журналист түз ободогу кечки жаңылыктар программасында согушка каршы плакат менен чуркап чыккандан кийин атактуу болду. Бирок ал кадамына чейин интернетке коюлган видео үчүн административдик жоопко тартылды.
Ага түз эфирде Путинди айыптап, согушту жектеген аракети үчүн кылмыш иши козголгону азырынча ырастала элек.
Соттон Mediazona телеканалы түз алып көрсөттү. Судья Анна Болотникованын айтымында, полиция Интернетке көзөмөл жүргүзүү учурунда Овсянникованын «көп адамдарды коомдук иш-чарага катышууга чакырган» видеосун таап алган, бирок ал күнөөсүн моюнуна алган эмес.
Соттун чечиминдеги айыптоо корутундусу анын баштапкы видеосундагы «митингдерге чыккыла» деген чакырыгына негизделген. Бирок анын согушка каршы плакат көтөрүп чыкканы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
Марина Овсянникова 15-марттын кечинде сот залынан чыгып, журналисттердин суроолоруна кыска жооп берди. Укук коргоо органдарында 14 сааттан ашык сурак бергенин, жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилбегенин айтып, кесиптештерине колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал түз эфирге чуркап чыкканга чейин видеокайрылуу тартып, аны интернетке жайгаштырган. Видеодо акыркы окуялар үчүн Путинди айыптап, орус-украин ортосундагы согушту токтотууга чакырган:
"Биз 2014-жылы, мунун баары жаңы башталып жатканда үндөгөн жокпуз. Кремль Навальныйды ууландырганда унчугуп, митингдерге чыккан жокпуз. Биз бул адамзатка каршы режимди унчукпай карап турчубуз. Эми бүткүл дүйнө бизден жүз бурду. Эми биздин урпактарыбыздын ондогон муунуна чейин бул ыплас согуштун кара тагы бизден жуулбайт. Бул кара мүртөздүк менен жиндиликти токтотуу биздин гана колубузда. Митингдерге чыккыла, коркпогула! Баарыбызды камай алышпайт”,-деген ал.
Журналист дүйшөмбүнүн кечинде Останкино теле борборунда кармалган. Ошондон бери анын каякта экени белгисиз болчу.
Америкалык Fox News телеканалынын 55 жаштагы оператору Пьер Закржевски жана телекабарчы Бенжамин Холл Украинадагы аткылоодо каза тапты. Алар бир күн мурун Киевдин жанындагы окуяларды чагылдырып жүргөндө ожаракат алганын телеканал билдирди.