Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл

Еврокомиссия Орусиянын мунай, газынан тезирээк баш тартууну сунуштайт

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:12 16.3.2022

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ЕКПА) Орусияны бул уюмдан чыгаруу сунушун дээрлик бир добуштан колдоду.

Добуш берүүдө 219 депутаттын ичинен 216сы макулдугун берди. Орусиянын бул Парламенттик Ассамблеяга мүчө болбой турганы мурда эле белгилүү болгон.

ЕКПА өлкөнүн өз ыктыяры менен чыгуу өтүнүчүн канааттандырабы же күч менен чыгарылабы деген маселе турган. Украина делегациясы экинчи варианттын аткарылышын талап кылууда.

Акыркы чечимди 17-мартта Европа Кеңешинин Министрлер комитети кабыл алат. Ассамблея 15-мартта Приднестровье аймагын "Орусия аскердик агрессиясы менен оккупациялап алган" деп тааныганын жарыялаган.

11:44 16.3.2022

Британиялык аскерлер: Орусия кошумча резерв издеп жатат

Британиянын Коргоо министрлигинин баяндамасында Орусия Украинадагы жоготуунун ордун толтуруу үчүн кошумча аскерлерге муктаж болууда. Мындай жоготуудан кийин Орусияга украиндердин каршылыгына туруштук берүүсү кыйындаган.

Өздүк курамдын жоготуусу Орусияга басып алган аймактарын көзөмөлдөөдө кыйынчылык жаратууда.

"Орусия азыр Армениядагы Чыгыш округундагы аскерлерин алып келүүдө. Андан тышкары жеке аскер компанияларынын күчтөрүн, сириялык жана башка жалданма согушчандарды алып келген. Орусия алардын жардамы менен токтоп калган операцияларын жандантууга аракет кылышы ыктымал", - деп жазылган Британиянын аскердик баяндамасында.

11:52 16.3.2022

Зеленский АКШ Конгрессине кайрылат

Украинанын президенти Владимир Зеленский шаршембиде АКШнын Конгрессине видеобайланыш аркылуу кайрылуу жолдой турганы кабарланды.

Зеленский анда АКШдан Украинанын аймагынын үстүнөн учпаган аймак түзүүнү жана өлкөгө Польшанын арсеналында турган согуштук МИГ учактарын берүүнү сурайт.

Шаршемби күнү өлкөгө АКШ президенти Жо Байден дагы кайрылуу жолдойт. Медиа каражаттардын маалыматында ал Украинага кошумча 800 миллион жардам бөлүнөрүн жарыялайт.

АКШ Украинага танкка каршы Javelin ракеталык комплексин жана Stinger зениттик-ракеталык комплексин жеткирүүнү кеңейтет. Байдендин тегерегиндеги адамдардын айтымында, Ак үй Украинанын үстүнө учкучсуз аймак киргизүүгө жана польшалык МИГдерди берүүгө азырынча даяр эмес.

13:04 16.3.2022

Кыргызстан менен Казакстан Украинадагы кырдаалды талкуулап, жаңжалды саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча пикирлери бир экенин билдиришти. Бул тууралуу 15-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукканда айтылды.

Санкциялардын таасири: Кризистен чыгуунун жолдору барбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:54:49 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG