Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл

Еврокомиссия Орусиянын мунай, газынан тезирээк баш тартууну сунуштайт

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:33 16.3.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина менен Орусиянын куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдөгү позициялары «реалдуураак» болуп калганын айтты.

"Бирок чечимдер Украинанын кызыкчылыгына жооп бериши үчүн дагы эле убакыт керек", - деди Зеленский Телеграммадагы видео кайрылуусунда.

Орусия менен Украинанын делегациялары буга чейин сүйлөшүүлөрдүн төрт айлампасын өткөрүштү. Соңку сүйлөшүүлөр видео форматта болду.

Буга чейин украин жана орус делегацияларынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир жылыштар бар экенин айтып, бирок кеңири маалымат беришкен эмес. Киев Москванын Украинаны демилитаризациялоо, Крымдын аннексиясын жана өзүн «ДЭР» менен «ЛЭР» атап алган аймактардын көз карандысыздыгын таануу талаптарын бир нече жолу четке каккан.

Ошол эле маалда Киев Украинанын коопсуздугуна Орусиядан жетиштүү кепилдик алса, анда ал НАТОго кирүү планынан баш тартышы мүмкүн экенин ачык айтты.

Президент Владимир Зеленский Москва менен Киевдин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында президент Владимир Путин менен жолугушууну көздөп жатканын айтты. Кремл буга чейин мындай жолугушуу “концепциялык жактан” мүмкүн экенин ишарат кылган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрү Украинанын бейтарап макамын камсыздоого багытталганын белгилеп, «анын аймагынан Орусияга эч качан коркунуч келбеши керек» деген

15:47 16.3.2022

Согуш башталгандан бери орусиялык баскынчылар Харьков шаарында 500дөн ашуун жай тургундун өмүрүн кыйганын Украинанын Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматынын Харьков облусу боюнча башкы башкармалыгы 16-мартта билдирди.

"Такталган маалыматтарга караганда, Харьковдо согуш башталгандан бери баскынчылар 500дөн ашык карапайым тургунду кыянаттык менен өлтүргөн. Анын ичинен 88 кишинин сөөгүн куткаруучулар уранды астынан алып чыккан. Издөө иштери токтотулбайт. Кыйраган имараттардын арасынан куткаруучулар согуш башталгандан бери 189 адамдын өмүрүн сактап калды", - деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн 15-мартта Харьковдо куткаруучулар уранды арасынан төрт адамды куткарышты. Эки адамдын сөөгү табылды.

Украинанын Харьков шаары Киевден кийинки орус тилдүү калк көп отурукташкан эң чоң шаарлардын бири.

24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасстагы элди улутчулдуктан куткаруу деген шылтоо менен "атайын аскердик операция" башталганын жарыялаган. Андан соң бир эле Донбасстан эмес, ар кайсы багыттан Украинага чабуул башталган.

Орус аскерлери негизги шаарлардын инфратүзүмдөрүн аткылап, жашоого маанилүү объекттердин бардыгын талкалап, турак жайларга ракеталар түшүп жатканы кабарланууда.

Украина аскердик абал киргизип, жалпы аскердик мобилизация жарыяланды. Киев расмий түрдө Орусияга каршы аскердик кылмыштар боюнча доо арызын Гаагадагы Эл аралык сотко жөнөттү.

16:33 16.3.2022

АКШ президенти Жо Байден Украинага 13,6 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик, гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга кол койду.

"Бул мыйзам азыркы абалдагы украин өкмөтүн колдоп, Украинага тарыхый 13,6 миллиард долларлык каржылоону камсыз кылууга кепилдик берет. Бул эки тараптуу өкмөттүк каржылоо болот", - деди президент Байден.

Анын айтымында, бул мыйзам аркылуу Ак үй “демократтар менен республикачылар чындап биригип, бир нерсе кыла аларын далилдеген күчтүү белгини” көрсөткүсү келет.

АКШ президенти Орусиянын Украинага жасаган баскынчылыгы бүткүл америкалыктарды бириктиргенин айтты.

Конгресс бекитип берген каражат Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоого багытталган. Акчанын кайсы бир бөлүгү жалпы украин жарандарына, согуштан качкан 3 миллиондой качкындарга гуманитардык жардам катары жумшалат.

17:44 16.3.2022

Орусия Киевди бомбалоону күчөтүп, Мариупол портуна жаңы чабуулдарды баштаганын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлады.

Айыгышкан салгылаштар украин-орус жаңжалын жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү өтүп жаткан учурга туура келди.

Орусиянын аскердик күчтөрү Киевдин түндүк-батыш жана батыш аймактарына чабуулдарын күчөткөнүн 16-мартта Киев облусунун башчысы Алексей Кулеба да билдирди.

"Алар борборду транспорттук артериядан ажыратып, логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууга аракет кылып жатышат. Киевди басып алуу үчүн кол салуу",- деди Кулеба.

Ал Орусиянын аскерлери Киевден 80 чакырым түндүктөгү Иванков шаарын оккупациялап, Беларус менен чектеш аймакты көзөмөлдөп турганын айтты.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына ылайык, снаряддардын сыныктары Киевдин борборундагы 12 кабаттуу турак үйдүн үстүңкү кабатын талкалап кеткен. Коңшу имарат дагы жабыркаган. Агенттик эки жабырлануучу тууралуу кабарлады, бирок чоо-жайын айткан жок.

Борборду бомбалоодон шаардагы көп кабаттуу үйлөр, метро станциялары жана башка социалдык жана жарандык объектилер талкаланганы кабарланды.

Орус аскерлери Киевден 25 чакырымдай алыстыктан сокку уруп жатканы айтылууда.

Киевдин өзүндө 16-мартта 35 сааттык коменданттык саат сакталды. Шаар мэри Виталий Кличко бир күн мурун коменданттык саат жарыялап, орус аскерлери соккуларды күчөтүп, борбор калаага жакындап калганда, "шаар кооптуу учурга" туш болорун эскертти.

Мариуполдо жана башка шаарларда, анын ичинде Харьков менен Николаевде да айыгышкан салгылашуулар уланып жатканы айтылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG