Борбордук Европадагы Польша, Чехия жана Словениянын премьер-министрлери согуш жүрүп жаткан Киевден кайткан соң Украина Орусиянын кубаттуу чабуулдарынын мизин кайтарып жатканына ынанганын жарыялашты.
Алар Украинанын президенти жана премьер-министри менен жолугуп, орус баскынчылыгына каршы тилектештигин билдиришти, украин элинин эр жүрөктүгү менен каармандыгын өзгөчө баалашты.
Үч лидер 15-мартта поезд менен Киевге барып барган. Премьер-министрлер баштаган делегация "Украинадан Польшага аман-эсен кайтып келишти" деп билдирди 16-мартта поляк өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрүндө Украинанын бейтараптык макамы талкууланып жатканын РБКга курган маегинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Лавровдун айтымында, ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жай жүрүп жатканы менен айрым жылыштар болду.
Министр Москванын Орусия Украинага кол сала электе койгон талаптарын кайталады. Алар - демилитаризация, орус тилинин расмий макамы жана “сөз эркиндиги” деген талаптар.
Лавров АКШны орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү өтүшүнө “кызыкпайт” деп айыптады. Ал эми орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский Киев Украинага өзүнүн армиясы жана флоту бар бейтарап демилитаризацияланган мамлекеттин “австриялык” же “шведдик” вариантын сунуштап жатканын билдирди. Бул маселе анын айтымында, эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин деңгээлинде талкууланууда.
Мединский белгилегендей, аннексияланган Крымдын жана Донбасстагы эки жикчил республикалардын макамын таануу, ошондой эле орус тилинин макамы Орусиянын негизги шарттары бойдон калууда.
Украиналык делегациянын өкүлү Михаил Подоляк Мединскийдин бейтараптуулуктун “австриялык” же “шведдик” версиясы тууралуу айтканына комментарий берип жатып, Украина азыр Орусия менен түз согушуп жатканын, ошондуктан мүмкүн болгон бейтараптуулуктун модели “украиналык” болушу мүмкүн экенин айтты.
Подоляк Орусия коопсуздуктун мыйзамдуу түрдө тастыкталган кепилдиктерин бериши керек экенин билдирди.
Украинанын аймагындагы согушта каза тапкан орус аскерлеринин сөөгү жана жарадарлар Беларустун Гомел облусуна жеткирилип, андан ары поезддер жана учактар менен Орусияга жиберилип жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун беларус кызматы жергиликтүү тургундарга жана медиктерге таянып жазып чыкты.
Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.
Гомел облусундагы ооруканаларда согуштан жаракат алган орус аскерлерин дарылоо улантылып жатканы айтылды. Андагы дарыгерлер жарадарларды Украинанын аймагынан аскердик автоунаалар жана тик учактар менен Наровляга чейин жеткиришкенин айтып беришкен. Андан ары аларды Мозырга жана Гомелге алып барып, дарылап жатканы кабарланды.
"Биз Мозырь ооруканасында жатып чыктык. Ал жерде жарадар болгон орус аскерлери абдан көп экен. Абдан коркунучтуу. Аябай оор майып болгондор бар. Алардын онтогон үнүн ооруканада чыдап угуу мүмкүн эмес", - деди атын атабаган булак "Азаттык" радиосунун беларус кызматына.
"Жекшембиде бир эле Мозырдагы ооруканада жүзгө чукул орусиялыктарга операция жасалды. Дүйшөмбүдө ооруканага андан да көп адамды алып келишти", - деп билдирди жергиликтүү дарыгер.
Дарыгерлер менен медайымдарга ооруканадагы абал тууралуу ачык айтууга тыюу салынган.
Ошол эле кезде Наровляда талаа госпиталы уюштурулганы маалым болду.
«Мурунку автобазанын аймагында көп аскердик чатырлар жайгашкан. Анын өзүнчө ашканасы жана кир жуучу жайы бар. Жарадарларды санап чыгуу кыйын, - деди "Азаттык" радиосунун беларус кызматына жергиликтүү тургундардын бири.
Дарыгерлердин бири Гомел жана Мозырь шаарларынын тургундарына пландуу жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.
"Эл дүрбөлөңгө түшүп жатат, бирок азырынча медициналык жардам өз убагында көрсөтүлүп, дары-дармектер жетиштүү. Мындан ары эмне болору белгисиз. Селеймеге каршы дары-дармектер боюнча маселе жаралат деп болжолдонууда", - дейт дарыгер.
Медициналык мекемедеги булак Гомел облусунун аймагынан 2500дөн ашык сөөк Орусияга поезд жана учактар менен алынып кеткенин айткан.
Беларустун Гомел облусу Украина менен чектешет.
Гаагадагы Эл аралык Кылмыш соту Орусия Украинадагы " атайын аскердик операциясын" чукул токтотууга тийиш деп чечти. Сот ошондой эле Москва менен Киевди жаңжалды курчутчу кадамдардан баш тартууга үндөдү.
БУУнун соту Украинанын Орусияга каршы доо арызын 7-мартта карай баштады. Киев Москваны геноцид боюнча эл аралык конвенцияны туура эмес чечмелеп жатат деп айыптады. Доогердин позициясына ылайык, орус бийлиги бул конвенцияны кыянаттык менен пайдаланып, Украинага басып кирүү үчүн шылтоо катары колдонгон.
Орусиянын президенти Владимир Путин 2014-жылдан тартып Украинанын Донбасс аймагындагы окуяларды аныктоо үчүн геноцид деген терминди көп жолу колдонгон. Киев соттон доомат боюнча убактылуу чараларды көрүүнү жана Орусиядан аскердик кол салууну токтотууну талап кылууда.
Сот Украина өзүнүн аймагында - Донбасста геноцид кылып жатканына эч кандай далилдерди таба алган жок.
Украин президенти Владимир Зеленский БУУнун сотунун чечимине комментарий берип жатып, Киев Орусияга каршы сотто толук жеңишке жеткенин билдирди.
Орусиянын президенти Владимир Путин "Донбасстагы калкты коргоо боюнча аскердик операция" деген негизде 24-февралда Украинада согуш баштаган.
Ошондон бери Украинанын бир катар шаарлары аба соккуларына дуушар болуп, БУУнун маалыматы боюнча үч миллиондой жаран үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.