Шаршемби күнү АКШ президенти Жо Байден журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Орусиянын президенти Владимир Путинди "аскер кылмышкери" деп эсептей турганын айтты.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Байден мындай риториканы алгач орус аскерлеринин Украинага басып киришинин негизинде Путинге каршы колдонгон.
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга жооп катары "дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алган мамлекеттин башчысынын мындай риторикасы кабыл алынгыс жана кечирилгис" деп атады.
Өткөн жылы Байден Путинди "канкор" деп эсептейсизби деген суроого "ооба" деп жооп берген. Орусиянын президенти бул тууралуу комментарий берип жатып, СССРдин убагындагы балдардын “ким эмне деп атаса, ошол өзү ошондой" деген сөзүн мисал келтирген.
16-марттын негизги жаңылыктары
- Мариупол катуу аткылоого кабылды. Бомба тургундар жашынган театрдын имаратын талкалады. Каза тапкандардын саны такталууда.
- Зеленский АКШ Конгресси менен видео аркылуу байланышты.
- АКШ президенти Владимир Путинди аскер кылмышкери деп атады. АКШ Украинага кошумча аскердик жардам көрсөтөт.
- Мелитополдун мэри Иван Федоров орусиялык тогуз аскер туткунуна алмашылды. Ага чейин шаар башчысын орусиялыктар уурдап кеткени кабарланган.
- Испан бийлиги "Ростнефть" компаниясынын башчысы Игорь Сечинге караштуу мега-яхтана кармады.
- Орусияда Украинадагы согуш тууралуу кабарлаган "Новая Известия" баштаган бир катар басылмалар, орус тилдүү бир израилдик телеканал блокко коюлду.
Кытай Украинага кол салбайт, тескерисинче жардам берет
"Кытай эч качан Украинага кол салбайт, биз жардам беребиз, анын көбү экономикалык багытта болот. Биздин өлкө бүт дүйнө жүзүнөн 3 триллиондон ашык доллар турган товарды импорттойт. Биз силерге өнүгүүгө жардам бергенге даярбыз. Силердеги азыркы кырдаалга жоопкерчиликтүү мамиле кылабыз. Биз украин элинин биримдигин, демек күчүн көрдүк", деп билдирди Украинанын чукул жана ыйгарым укуктуу элчиси Фань Сяньжун Львовдун аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкий менен жолугушуусунда.
Элчи "Кытай Украина үчүн экономика жана саясий планда жакшы күч болорун" билдирип, украиналыктар тандап алган жолду урматтай турганын, анткени бул ал бир элдин суверендүү укугу экенин билдирди.
Киевдин үстүнөн кезектеги орусиялык ракетаны атып түшүрүштү, анын калдыктары көп кабаттуу үйдүн үстүнө түшүп, өрт чыкты.
Дагы үчөө жабыркап, 30у эвакуация болду. Буга үйдүн үстүңкү кабатынын жарым-жартылай бузулганы себеп болгон. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.