Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 16-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алып, Украинадагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы саясат мекемеси кабарлады.
Казакбаев Кыргызстан ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнү колдой турганын билдирди. Министр Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү кубаттап, кыргыз тарап да аянтча түзүүгө жана зарыл болгон учурда жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.
“Кыргызстан БУУнун Уставында жана башка документтерде белгиленген эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын жана принциптерин сактоону, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн бекем жактоочусу экендиги белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.
АКШда орусиялык элитанын Батыштагы активдерин издей турган топ түздү
АКШнын Каржы министрлиги топко Австралия, Британия, Канада, Жапония, Германия, Франция, Италия жана Евробиримдиктин өкүлдөрү киргенин кабарлады.
Мекеменин башчысы Жэнет Йеллен жана АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд шаршембиде топко кирген өлкөлөрдүн жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.
"АКШнын укук коргоо органдары чет элдик өнөктөштөргө берген акыркы үч жумадагы маалыматтын арты менен жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү бир канча кемени камакка алууга жетиштик", - деп билдиришти Каржы министрлигинен. Кармалган кемелердин баасы 100 миллиондогон доллар турат.
Топтун мүчөлөрү дагы көңүл бура турган 50 адамдын тизмесин алышкан.
Өзбекстан Донецк менен Луганскини тааныбай турганын жарыялады
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Олий Мажлистин Сенатынын 24-отурумунда билдирүү жасап жатып, Украинанын тегерегиндеги суроолорго жооп берди. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.
“Биринчиден, Украинанын айланасындагы кырдаал Өзбекстандын олуттуу кабатырлануусун жаратат. Экинчиден, биз бул кырдаалда тынчтык жол менен чечим табууну жана жаңжалды саясий-дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салуунун тарапкерибиз. Бирок бул үчүн биринчи кезекте аскердик аракеттер жана зомбулуктар тез арада токтошу керек”,- деди ал.
Министр өз сөзүндө Өзбекстан Орусия менен да, Украина менен да тарыхый ар тараптуу байланыштарга ээ экенин айтып, бул мамилелер мындан ары да улантыла бере тура турганын кошумчалады. Ал Украинадагы оор кырдаалга байланыштуу Өзбекстан аларга гуманитардык көмөк көрсөтүүнү уланта берерин билдирди. Мурдараак Ташкент Киевге 28 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн.
Абдулазиз Камилов парламенттеги билдирүүсүндө Украинанын аймагында түзүлгөн жикчил республикалар жөнүндө да суроолорго жооп берди.
“Өзбекстан Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Луганск жана Донецк “элдик республикаларын” тааныбайбыз”,-деди анда өзбек тышкы иштер министри.
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын Конгрессинин эки палатасындагы кайрылуусунда, Киев күн сайын орус аскерлеринин аткылоосуна кабылып жатканын маалымдап, бирок алар жеңилбей турганын айтты. Ал украиндер Орусиянын агрессиясына 24-февралдан тарта эле эмес, 2014-жылы Крым аннексиялангандан бери каршылык билдирип келатканын эске салды.
Зеленский бул жолу да Украинанын аба мейкиндигин жабууну суранды. Ал болбосо С-300 зениттик-ракеталарына жана авиациялык соккуларга каршы туруу системасы менен камсыздоону өтүндү. Президент мындан сырткары Москвага каршы дагы башка санкцияларды салууга чакырды.
Мунун алдында АКШ президенти Жо Байден Украинага 13,6 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик, гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга кол койгон. Ага чейин НАТО Украинага советтик ракеталык соккуларга каршы системасын жеткиргенин CNN телеканалы жазган.