Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл

Еврокомиссия Орусиянын мунай, газынан тезирээк баш тартууну сунуштайт

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:00 17.3.2022

АКШнын Чалгын кызматы: Украина менен согушта 7 миңдей орус аскери өлдү

Орусия Украинанын аймагына басып киргенден бери 7 миңден ашуун орус аскери каза болду. Бул тууралуу америкалык New York Times басылмасы АКШнын Чалгын кызматына таянуу менен жазды.

Басылма Москва согушка жалпы 150 миңдей аскерин тартканын, каза болгондордон сырткары азыр 20 миңдей жоокери жаракат алганын маалымдады. Тиешелүү макалада бул маалыматтар спутниктен алынган кадрлардын негизинде чыгарылган болжолдуу сандар экени баяндалат.

АКШнын Коргоо министрлиги өлгөндөрдүн көптүгү орус аскерлеринин моралдык духуна таасир этип жатканын, себеби алар эмне үчүн согушуп, курман болуп жатышканын түшүнбөй турушканын кабарлайт.

Украинанын бийлиги салгылашуу башталгандан бери Орусия 14 миңдей аскерин жоготконун билдирүүдө. Мунун ичинде өлгөндөр, жаракат алгандар жана колго түшкөндөр кошо саналууда. Орусиянын Коргоо министрлиги болсо украин тарап 18 миңдей аскерин жоготконун жарыялап жатат.

20:40 17.3.2022
Мариуполдогу театр.
Мариуполдогу театр.

Украинанын Мариупол шаарынын мэринин кеңешчиси Петро Андрущенко Орусиянын куралдуу күчтөрү тыптыйпыл кылган театр тазаланып жатканын, анын астындагы баш калкалоочу жайда аман калгандар бар экенин маалымдады. Канча киши курман болгону белгисиз.

16-мартта бутага алынган театрдын астында миңден ашык адам орус авиациясынын соккуларынан жашырынып жатканын буга чейин мэр Вадим Бойченко билдирген эле. Кийин Верховна Раданын депутаты, ишкер Сергей Тарута имарат алдындагы бомбадан коргонуучу жай жардырууга туруштук бергенин, урандылардын астынан айрым жарандар чыгарыла баштаганын айтты.

Maxar фирмасынын спутниктен алынган кадрларында театрдын алдында жана артында чоң тамагалар менен орус тилинде “балдар” деп жазылганы көрүнүп турган. Бирок ага карабай имарат аткылоого алынган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба имарат толук талкаланганын, “ал жерде баш калкалоочу жай бар экенин орус күчтөрү билген” деп эсептейт.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо алардын күчтөрү Мариуполдо эч бир имаратка сокку урбаганын “РИА Новости” маалымат агенттигине билдиришкен. Турак-жайлардын талкаланганы жана жарандардардын өлгөнү тууралуу көптөгөн фото, видеолор жарыяланганына карабай Москва башынан бери жайкын тургундарга ок атылганын төгүндөп келет.

10:16 18.3.2022

Орусия күчтөрү камалоого алган украин шаарларынан гуманитардык коридорлор аркылуу 4 миңдей киши эвакуацияланды. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирди.

Анын айтымында, бомба чабуулуна кабылган Мариуполдон 800гө жакын киши өз унаасы менен шаардан чыгып кетти. Шаардан жөө жалаңдап чыгып жаткандар да бар. Мариупол шаарынын бийлиги 30 миң адам чыгып кеткенин, бирок дагы 350 миң адам калганын айтты. Турак үйлөрдүн көбү талкаланганы кабарлады.

БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари Дикарло Украинадагы жайкын тургундар арасындагы курмандыктар жана жүздөгөн үйлөрдүн, мектеп, ооруканалардын жана башка жарандык инфраструктуралардын талкаланышын иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды. Бул тууралуу Associated Press агентттиги кабарлады.

10:28 18.3.2022

Орусия Украинага бастырып киргенден бери саламаттыкты сактоо мекемелерине кеминде 43 жолу кол салуу болуп, 12 киши каза тапты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебрейесус БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал ар кандай эле жаңжал учурунда медициналык мекемелерге кол салуу эл аралык гуманитардык укуктун бузулушу катары карала турганын айтты. Ошол эле маалда Орусия аскерлеринин курчоосунда калган Сумы жана Мариупол шаарларына БУУнун гуманитардык жардамдарын жеткирүү кыйын болуп жатканын белгиледи.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG