Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 44-артиллериялык бригадасы. Запорожье. 20-август, 2025-жыл

Еврокомиссия Орусиянын мунай, газынан тезирээк баш тартууну сунуштайт

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:54 18.3.2022

18-март күнү таңга маал Украинанын көптөгөн шаарларында аба чабуулунан коргонууга чакырган эскертүү жасалды.

Аба чабуулунан кийин Львов шаарында жарылуулар угулган. Мунун облустук администрациядан ырасташты. “Алдын ала маалыматтарга караганда, аба соккулары аэропортко жолдонон” деп жазды Dailylviv.com.

12:02 18.3.2022

АКШнын президенти Жо Байден Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жума күнү телефон аркылуу сүйлөшөрү күтүлүүдө.

Сүйлөшүүнүн өзөгүн эки өлкөнүн ортосундагы атаандаштык маселелери, Орусиянын Украинага каршы согушу жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер түзөрү жарыяланды.

"Рейтер" агенттиги бул сүйлөшүү америка-кытай мамилесинде бурулуш жасай турганын жазды. Байдендин администрациясы эгер Кытай Путинге согушта жардам берүүнү чечсе, кесепеттерге дуушар болорун эскертти. АКШ Кытай Орусияга согушка аскерий жардам бериши мүмкүн деп кооптонсо, Бээжин муну четке кагууда.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псакинин айтымында, бул сүйлөшүүдө Си Цзиньпиндин позициясын билүү үчүн Байденге мүмкүнчүлүк түзүлөт.

13:41 18.3.2022

Харьковдо Чыгыш Европадагы эң ири базарлардын бири “Барабашоводогу” өрттү өчүрүү аракеттери уланууда. Базар аткылоого алынып, өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда бир куткаруучу каза болуп, дагы бири ооруканага түшкөнү кабарланды.

13:52 18.3.2022

Киев шаарынын администрациясы 18-март күнү эртең менен Подольский районундагы турак жай бутага алынганын билдирди. Жабыркагандардын саны такталууда деди жергиликтүү бийлик.

“Согуштан улам тургундардын көбү Киевди таштап кетти”,-дейт Киевдин мэри Виталий Кличко.

Согуштун алгачкы күндөрүндө шаардын көчөлөрүндө орусиялык диверсиялык жана чалгындоо топтору менен салгылашуулар болгон. Кийинчерээк негизги чабуулдар шаардын түндүк-батыш чегине өтүп, орусиялык аскерлердин аткылоосу бир нече калктуу конуштарды менен кыйроолор болду. Күн сайын шаардын ар кайсы аймактарында турак жайлар аткыланган фактылар катталууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG